Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департамент мекемесинин, ишкерлердин аймактык кеңешинин жана жаш ишкерлердин Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту

2019-жылдын 12-февраль күнү КРнын ТИМнин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департамент мекемесинин, ишкерлердин аймактык кеңешинин жана жаш ишкерлердин Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуу алкагында, Өкүлчүлүктүн жетекчиси катышуучуларга Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча алып барып жаткан иштер жөнүндө маалымдады.

Тараптар чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу максатында кызматташууну өнүктүрүү, ишкерлерге ата-мекендик продукцияларды экспорттоого көмөк көрсөтүү жана 2019-жылга пландаштырылган көргөзмө-жармаркелерди өткөрүүгө толук көмөктөшүүгө келишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK