КРнын ТИМнин ОЖБ облустарындагы ЫУӨ жетекчиси М.Исмаилов БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлүнүн Кеңешчиси Э.Касыбеков менен жолукту

2019-жылдын 12-март күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Өкүлчүлүктүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлүнүн Кеңешчиси Эркинбек Касыбеков менен жолугушуусу болду. Ошондой эле, жолугушууда БУУнун Өнүктүрүү программасынын Ош облусу боюнча менеджери Мира Субанкулова, БУУнун Балдар Фондунун Ош шаарындагы кеңсесинин башчысы Эрадж Каниев жана БУУнун калкты жайгаштыруу Фондунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана БУУнун Балдар Фондунун Ош шаарындагы кеңсесинин өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстан жана Өзбекистан жаштарынын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган жаңы чек аралык долбоорунун алкагында БУУнун агентстволорунун ишмердүүлүгү жана жогоруда айтылган долбоордун алкагында Өкүлчүлүктүн БУУнун жергиликтүү агентстволору менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөру талкууланды.

Андан сырткары, тараптар КРнын Президентинин
«2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында кызматташуу перспективалары тууралуу пикир алмашышты. Атап айтканда, Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов тарабынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган долбоорлор сунушталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда, ошону менен бирге Кыргызстан менен Өзбекистандын ортосундагы чек аралаш жаштарынын кызматташуусун кеңейтүү боюнча Кыргыз Республикасындагы БУУнун балдар Фондунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын жана БУУнун калкты жайгаштыруу Фондунун жаңы долбоорлорунун алкагында тыгыз кызматташууга даярдагын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK