Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги «Юг ЭКСПО-2021» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкесине катышты

Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында экономикалык дипломатияны жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу аймактык өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Юг ЭКСПО-2021» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкенин ачылыш аземине катышты.

Көргөзмөнүн максаты-экономиканын ар кандай тармактарындагы ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын көрсөтүү, потенциалдуу өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды, ошондой эле кызыкдар болгон багыттар боюнча өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү.

Көргөзмө-жарманкенин алкагында чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана өкүлдөрүнүн катышуусунда «Аймактардын интеграциясы жана өнүгүүсү» бизнес-форуму да болуп өттү. Бизнес-форумдун алкагында катышуучулар Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын соода-экономикалык потенциалы менен таанышты. Жыйынтыгында бизнес-форумдун катышуучуларынын атынан резолюция кабыл алынды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK