КРнын ТИМнин өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары ОшМУнун эл аралык конференциясына катышты

Ушул жылдын 20 май күнү Ош Мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун барасы Калдарали Маматалиев ОшМУнун 80 жылдыгына жана Эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы, профессор Канышай Нурдинованын 70 жылдыгы арналган «Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелердин, гуманитардык жана табигый илимдердин актуалдуу проблемалары: учурдагы абалы жана келечектери» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

К.Маматалиев Орто Азия мамлекеттеринин өз ара кызыктылыктары көрсөтүлгөн ар тармактардагы автивдүү кызматташуусун белгилеп, ошондой эле ОшМУнун Ректору Каныбек Исаковду, университеттин профессордук- окутуучу курамын жана студенттерин ОшМУнун жаралгандыгына 80 жыл болгондугу менен куттуктады. Мындан сырткары профессор К.Нурдинованы 70 жылдык юбилейи менен куттуктады жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигини Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаиловдун атынан Ыраазычылык катты тапшырды.

Ошондой эле, конференцияга Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Ош шаарындагы Россиянын илимий жана маданий борборунун кызматкери, аль-Фараби атындагы Казах Улуттук университетинин, Өзбекистан Республикасынын Анжиян Мамлекеттик университетинин жана К.Дикамбаев атындагы Кыргыз Респубикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын өкүлдөрү катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK