КРнын ТИМнин Ош,Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Акыркы конгуроо» маарекесине катышты

Ушул жылдын 25-май күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин камкордугуна алган социалдык мекемеси Кара-Суу атайын дүлөй балдар үчүн жалпы билим берүү мектеп-интернатынын бүтүрүүчүлөрүнүн «Акыркы конкуроо» маарекесине катышышты.

Аталган маарекенин алкагында Өкүлчүлүктүн 1-катчысы Замирбек Казыбеков тарбыялануучуларды жана окутуучуларды «Акыркы конгуроо» менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK