Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А. Имангазиев Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары менен жолугушту

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиев Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ардактуу консулдары катары өкүл болгон өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун ар түрдүү аспектилери талкууланды. Министрдин орун басары А.Имангазиев дипломатиялык мамилелерди чыңдоодо жана экономикалык, ошондой эле маданий өз ара байланышты өнүктүрүүдө алардын маанилүү ролун белгиледи.

Тышкы саясат ведомствосунун башчысынын орун басары А.Имангазиев соода, туризм, билим берүү жана маданият сыяктуу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча ардактуу консулдардын ролун активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин социалдык-экономикалык долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашырууда ардактуу консулдарга мындан ары көмөк көрсөтүүгө жана колдоого даярдыгын билдирди.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А. Имангазиев Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин Ардактуу консулдары менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK