КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-Анталья дипломатиялык форумдун аянтчасында Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту

2024-жылдын 1-мартында Анталья шаарында (Түркия) Үчүнчү Анталья дипломатиялык форумдун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларга даярдыктарды талкуулашты.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Министр Жээнбек Кулубаев Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

  • КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-Анталья дипломатиялык форумдун аянтчасында Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK