КР Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу КР ТИМдин маалымат билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу 2024-жылдын 1-апрелинен баштап жаңы дарек боюнча жайгашкандыгын маалымдайт: Санкт-Петербург ш., Набережная реки Фонтанки көч., 50.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документтерди тариздөө, ошондой эле Түндүк-Батыш федералдык округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жогоруда көрсөтүлгөн дарекке кайрылууну өтүнөбүз.

Ишеним телефону: +7-962-688-25-06; +7-929-128-05-08; +7-929-157-05-08; + 7-812-418-24-22.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK