Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу саясий байланыштарды активдештирүүгө жакшы баа берип, эки өлкөнүн ортосундагы диалогду бекемдөө үчүн эң жогорку жана жогорку деңгээлде гана эмес, аймактар аралык деңгээлде да визиттерди алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Буга чейин жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасына жана Кытай Эл Республикасынын СУАР Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияздын Кыргыз Республикасына болгон иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды да ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Ошондой эле аймактар аралык транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү, кытайлык капиталдын катышуусу менен Кыргыз Республикасында ири өндүрүштүк жана энергетикалык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жакынкы келечекте Кыргыз Республикасынын экономикасына кытай инвестициясынын өсүшү боюнча жагымдуу прогноз белгиленди.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK