КР ТИМдин 2024-жылдын 2-майына карата маалымат билдирүүсү

Кыргызстандын жарандарына массалык түрдө Россияга кирүүдөн баш тартып жаткандыгы тууралуу маалымат массалык маалымат каражаттарында жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2024-жылдын 2-майына карата Кыргыз Республикасынын жарандарына Россия Федерациясына кирүүдөн массалык түрдө баш тартуу учурлары боюнча сигналдар Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине келип түшкөн эмес. Ошол эле учурда Министрлик жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Россия Федерациясындагы учурдагы кырдаалга жана анын Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалына тийгизген таасирине мониторинг жүргүзүүдө.

Ошону менен бирге Министрлик Россия Федерациясына барууга жүйөлүү негиздери жок мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну, ал эми Россия Федерациясына баруу керек болсо, алдын ала бул өлкөгө кирүүгө чектөө бар же жок экендигин текшерүүнү дагы бир жолу сунуштайт.

Күтүүсүз кырдаал жаралган же шашылыш суроолор пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине: +7 925 115 50 47, ошондой эле Министрликтин Консулдук департаментине: +996 999 312 002 ыкчам байланыш телефондору аркылуу кайрылуусу керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK