Министр Ж.Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары – Контртеррористтик башкармалыктын башчысы В.Воронков менен жолугушту

2024-жылдын 16-18-майында БУУнун Башкы Катчысынын орун басары- Контртеррористтик башкармалыктын башчысы Владимир Воронков Кыргыз Республикасына келди. Визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору Тимур Шабданбеков, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев менен жолугушуулар болду.

2024-жылдын 17-майында В.Воронковду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабыл алды.

Жолугушуунун негизги максаты коопсуздук, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири жаатындагы эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун башчысы тарабынан БУУнун экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча программаларын Кыргызстандын колдоосу ырасталган, ошондой эле республикада, анын ичинде 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын долбоорлорун жана программаларын активдүү ишке ашыруу оң белгиленген.

Ошондой эле тараптар Борбордук Азия мамлекеттери менен БУУнун  Контртеррористтик башкармалыгы ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, атап айтканда Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатак зоналарынан жарандарды репатриациялоо жана реинтеграциялоо, террористтердин жер которуусуна каршы туруу, ошондой эле башка трансулуттук кылмыштар мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча БУУ менен КР УКМК ортосунда Террористтердин жүрүүсүнө бөгөт коюу Программасы (CT Travel) боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга, ошондой эле БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясына ылайык Кыргыз Республикасында БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын потенциалдуу демилгелерин ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюлду.

  • Министр Ж.Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары – Контртеррористтик башкармалыктын башчысы В.Воронков менен жолугушту
  • Министр Ж.Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары – Контртеррористтик башкармалыктын башчысы В.Воронков менен жолугушту
  • Министр Ж.Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары – Контртеррористтик башкармалыктын башчысы В.Воронков менен жолугушту
  • Министр Ж.Кулубаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары – Контртеррористтик башкармалыктын башчысы В.Воронков менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK