Кызмат

Эскертүү: документтерди берүү жана электрондук кол тамга коюу үчүн арыз берүүчүлөрдүн (ата-энелердин) жеке катышуусу зарыл!

16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкү жарактуу мөөнөт менен берилет:

  • бала төрөлгөн учурдан тартып жана бала бир жашка чыкканга чейин - 2 (эки) жылдык мөөнөткө;
  • бир жаштан 16 жашка чейин - 5 (беш) жылдык мөөнөткө.

Керектүү документтердин тизмеси:

  1. Баланын ата-энесинин экөө тең толтурулган жана кол коюлган арыз (Жүктөө);
  2. Арыз менен бирге төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
  • Ата-энелердин (камкорчуларынын) Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспортторунун түп нускалары + көчүрмөлөрү;
  • Ата-энесинин (камкорчуларынын) Кыргыз Республикасынын нике күбөлүгүнүн түп нускасы + көчүрмө;
  • Баланын Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү (паспорт жоголгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы талап кылынат);
  • Баланын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспортунун түп нускасы (алмаштырган учурда) + көчүрмөсү;
  • Электрондук цифралык форматтагы (4х6 өлчөмүндөгү ак фондо "jpeg" форматында) баланын сүрөтү (6 айдан кечиктирбестен тартылган, же болбосо Элчиликте сүрөткө тартса болот) CD же USB флешкадагы. Электрондук цифралык форматтагы сүрөт бар болсо, баланын катышуусу талап кылынбайт. Сүрөткө керектүү талаптарды бул шилтемеден тапса болот;

ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир учурларда, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

  1. Ата-энесинин (камкорчуларынын) ар кандай жарандыгы болгон учурда балага Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспортун орус же кыргыз тилдерине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен алуу үчүн ата-энесинин-чет мамлекеттин жаранынын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат;
  2. Ата-энеси (камкорчулары) ажырашкан учурда балага Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет элдик) паспортун алууга ата-энесинин (камкорчуларынын) биринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугунун түп нускасы;
  3. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 30 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  1. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигине бардык документтерди тапшыргандан кийин, РСК Банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы каалаган филиалына же https://payment.infocom.kg баракчасында мамлекеттик алымды кошумча төлөшүңүз керек. Төлөм үчүн идентификациялык номер Элчиликте берилет;
  2. Бир A4 форматындагы Korea Post конверти 4000 вондук мөөрү менен (талап кылынат). Алуучунун толук аты-жөнү (чет элдик паспорттогудай), телефон номери жана үй дареги корей тилинде көрсөтүлүшү керек (Кыргыз Республикасынын Элчилигине жакын жайгашкан почтанын дареги: Bogwang-ro 25, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 보광로 25).
  • Жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортту даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 2 айга чейин болушу мүмкүн.
  • Жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортту колдонуудагы жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, өз убагында алуу максатында, арызды анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирбестен берүүнү сунуштайбыз.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Арызга киргизилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле маалыматтардын аныктыгы үчүн арыз ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
  • Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу/алмаштыруу жөнүндө арыз бардык керектүү документтер берилгенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Эскертүү: документтерди берүү, манжа издерин сканерлөө (биометрикалык маалыматтар базасы менен манжа издерин салыштыруу) жана электрондук кол тамга коюу үчүн арыз ээсинин жеке катышуусу зарыл!

Талап кылынган документтердин тизмеси:

  1. Милдеттүү түрдө төмөнкү документтер берилет:
  • Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортунун түп нускасы + көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортун алмаштырганда);
  • Оригинал - Кыргыз Республикасынын ID-картасы + көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын ID-картасын алмаштырганда);
  • Нике күбөлүгүнүн түп нускасы + көчүрмөсү (эгер арыз ээси никеде болсо, ажырашуу учурунда ажырашуу күбөлүгүнүн түп нускасы);
  • Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү (эгер мурда аты-жөнүн өзгөрткөн болсо);
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү (паспорт жоголгондо сөзсүз түрдө туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы керек);
  • Электрондук-санариптик форматтагы (4х6 өлчөмү ак фондо "jpeg" форматында) (6 айдан кечиктирилбестен тартылган, же Элчиликте сүрөткө түшсө болот) CD же USB флешкадагы. Сүрөткө керектүү талаптарды бул шилтемеден тапса болот;

Эскертүү: айрым учурларда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 30 АКШ доллары (60 жаштан ашкан адамдар үчүн - 15 АКШ доллары) өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  1. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигине бардык документтерди тапшыргандан кийин, РСК Банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы каалаган филиалына же https://payment.infocom.kg баракчасында мамлекеттик алымды кошумча төлөшүңүз керек. Төлөм үчүн идентификациялык номер Элчиликте берилет;
  2. Бир A4 форматындагы Korea Post конверти 4000 вондук мөөрү менен (талап кылынат). Алуучунун толук аты-жөнү (чет элдик паспорттогудай), телефон номери жана үй дареги корей тилинде көрсөтүлүшү керек (Кыргыз Республикасынын Элчилигине жакын жайгашкан почтанын дареги: Bogwang-ro 25, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 보광로 25).
  • Паспортту даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып 2 айга чейин болушу мүмкүн.
  • Паспортту колдонуудагы жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, өз убагында алуу максатында, арызды анын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирбестен берүүнү сунуштайбыз.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
  • Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун же ID-картасын алууга/алмаштырууга арыз бардык талап кылынган документтер берилгенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Эскертүү: Ата-энелердин жеке катышуусу зарыл!

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинен туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн баланын ата-энесинин бири Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек.

Талап кылынган документтердин тизмеси:

  1. Баланын ата-энесинин (камкорчусунун) Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин дарегине туулгандыгы тууралуу актыны каттоого жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүгө арызы (Элчиликте толтурулат);
  2. Арыз менен милдеттүү түрдө төмөнкү документтер берилет:
  • Ата-энелердин (камкорчулардын) Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспортторунун түп нускалары + көчүрмөлөрү;
  • Кыргыз Республикасынын ата-энелеринин ID-карталарынын түп нускалары + көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • Ата-энесинин (камкорчусунун) никеге туруу жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасы + көчүрмөсү (эгер никеге туруу жөнүндө күбөлүк Корея Республикасынын бийлиги тарабынан берилген болсо, анын орус же кыргыз тилине котормосу талап кылынат, мында котормонун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, Корея Республикасынын Юстиция Министрлигинин Апостили менен бекитилиши керек;
  • Баланын туулгандыгы тууралуу Корея Республикасынын саламаттык сактоо уюму тарабынан белгиленген үлгүдө берилген маалымкат, же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы берген туулгандыгы тууралуу маалымкат, орус же кыргыз тилине которулган. Котормонун аныктыгы ошондой эле Корея Республикасынын Юстиция Министрлигинин Апостили тарабынан нотариалдык күбөлөндүрүлүп, бекитилиши керек.
  • Баланын электрондук-санариптик форматтагы сүрөтү (көлөмү 4х6 ак фондо "jpeg" форматында) компакт-дискте же флеш-дискте. Электрондук-санариптик форматтагы сүрөт болгондо, баланын катышуусу милдеттүү эмес. Сүрөткө керектүү талаптарды бул шилтемеден тапса болот;

Эскертүү: айрым учурларда кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

  1. Ата-энесинин (камкорчусунун) ар кандай жарандыгы болгондо, чет мамлекеттин жараны болгон ата - энесинин (камкорчусунун) баланын КР жарандыгын алууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл;
  2. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 10 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

Эгерде баланын ата-энеси өз ара катталган никеде турбаса, бала энесинин фамилиясы боюнча, ал эми энесинин көрсөтмөсү боюнча баланын аты жазылат.

  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
  • Кыргыз Республикасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алууга арыз бардык талап кылынган документтер берилгенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Эскертүү! Нике актысын каттоо никеге турган арыз берүүчүлөрдүн жеке катышуусу менен жүргүзүлөт.

Никени каттоо жана нике күбөлүгүн берүү арыз берген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин никелешүүнү мамлекеттик каттоо жолу менен бекитилет.

Керектүү документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигине никеге турган адамдардын никеге турууга өз ара ыктыярдуу макулдугу, никеге турууга тоскоол болгон жагдайлардын жоктугу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арызы (Элчиликте толтурулат);
  2. Арыз менен бирге төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
  • Арыз ээлеринин Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторунун же ID-карталарынын түп нускалары + көчүрмөлөрү;
  • Мурда түзүлгөн никеге туруунун жоктугун тастыктаган документтин/күбөлүктүн/маалымкаттын түп нускасы (чет өлкөлүк жарандарга карата документ орус же кыргыз тилине которулуп, документти берген мамлекеттин Апостил коюусу менен нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек); Кыргыз Республикасынын жарандары бул маалымкатты Элчиликтен ала алышат;
  • Мурунку нике бузулган учурда ажырашуу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү;
  1. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 10 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир учурларда, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

  • Өзгөчө жагдайлар (кош бойлуулук, баланын төрөлүшү, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч) болгондо нике арыз берилген күнү бекитилиши мүмкүн.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
  • Кыргыз Республикасынын никени каттоо күбөлүгүн алууга арыздар бардык зарыл болгон документтер берилгенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Эскертүү! Никени бузуу актыларын каттоо арыз берүүчүлөрдүн жеке катышуусунда гана жүргүзүлөт.

Никенин бузулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

  1. ортосунда жашы жете элек жалпы балдары болбогон жана бири-бирине мүлктүк жана башка дооматтары болбогондо жубайлардын никени бузуу жөнүндө берилген биргелешкен арызы;
  2. жубайлардын биринин никени бузуу жөнүндө берген арызы жана жубайлардын бирине карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими (өкүмү), эгерде жубайлардын бири сот тарабынан дайынсыз жок деп таанылса, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп таанылса же жасаган кылмышы үчүн үч жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон болсо;
  3. никенин бузулгандыгы тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими.

Керектүү документтердин тизмеси:

  1. Ажырашуу жөнүндө биргелешкен жазуу жүзүндөгү арыз (Элчиликте толтурулат);
  2. Арыз менен бирге төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
  • Арыз ээлеринин Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортторунун же ID-карталарынын түп нускалары + көчүрмөлөрү;
  • Никени каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы (арыз берүүчүлөрдөн алынат).

ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир учурларда, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине ар бир арыз берүүчүдөн 50 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.

Арызга киргизилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле маалыматтардын аныктыгы үчүн арыз ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

СВР Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн гана берилет жана 30 күндүк жарактуу мөөнөтү бар. Арыз ээси Кыргыз Республикасына кайтып келгенден кийин бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу органдарга жаңы паспорт берүү жана СВР тапшыруу үчүн кайрылууга милдеттүү.

ЭСКЕРТҮҮ: Кыргыз Республикасынын жарандарына каттоо жана күбөлүк берүү төмөнкүдөй учурларда аралыктан (арыз берүүчүнүн жеке катышуусуз) жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • 16 жашка чыга элек арыз берүүчү ата-энесинин, камкорчусунун же асырап алуучунун же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча ата-энелери, камкорчулары же асырап алуучулары менен видеобайланыш аркылуу консулдук интервьюга милдеттүү;
  • арыз берүүчүнү Кыргыз Республикасына экстрадициялоо, депортациялоо же реадмиссиялоо боюнча жашаган жана аккредитациялоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
  • чет өлкөлүк мекемелер жок өлкөдө жайгашкан өтүнмө ээси, же чет өлкөлүк мекемелер өтүнүүчү жайгашкан жерден алыскы аралыкта жайгашкан.

Сертификат аралыктан берилгенде зарыл документтердин тизмесинде төмөндө көрсөтүлгөн документтер почта аркылуу жөнөтүлөт, аларды жөнөтүүгө кеткен чыгымдар арыз берүүчү же келген өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан төлөнөт.

Керектүү документтердин тизмеси:

  • Арыз;
  • Санарип форматындагы сүрөт (ак фондо 4х6 өлчөмүндө "jpeg" форматында) (6 айдан кечиктирилбестен тартылган). Сүрөткө керектүү талаптарды бул шилтемеден тапса болот;

Мындан тышкары, жагдайга жараша, кошумча берилет:

  1. паспорт жоголгон учурда:
  • арыз ээсинин инсандыгын аныктоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин тастыктоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспорттун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);
  • кабыл алган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген документ (протокол, күбөлүк ж.б.), арыз ээсинин паспортун жоготуу жөнүндө арыз бергендигин тастыктаган документ. Эгерде бул документтерди берүү мүмкүн болбосо, арыз ээси паспортун жоготуунун бардык жагдайларын жана себептерин көрсөтүү менен толук жазуу жүзүндө түшүндүрмө берет;
  1. паспорт бузулган учурда:
  • бузулган паспорт (паспорттун фрагменттери);
  • арыз ээсинин инсандыгын аныктоого жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин тастыктоого мүмкүндүк берүүчү документтер (жоголгон паспорттун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет);
  1. паспорттун мөөнөтү бүткөндө:
  • мөөнөтү бүткөн паспорт;

18 жашка чейинки арыз берүүчүгө арыз бергенде:

  • ата-эненин, асырап алуучулардын же камкорчулардын жеке катышуусуз күбөлүк берүүнүн жүйөлүү себебин көрсөтүү менен арызы;
  • арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • ата-энелердин, асырап алуучулардын же камкорчулардын паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү (бар болсо);
  • асырап алуучу же камкорчу кайрылган учурда - бул өтүнүүчүнү камкордукка алуу же асырап алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдардын чечими;
  • келген мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат (бир жашка чейинки балдар үчүн);
  1. Өтүнмө ээсин кабыл алуучу өлкөдөн экстрадициялоодо, депортациялоодо же реадмиссияда:
  • сертификат берүү өтүнүчү менен келген өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын каты;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 10 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.

Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилиясын, атын же атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актыны каттоо 16 жашка толгон жарандардын арызынын негизинде таризделет. 16 жашка чыга элек адамдын атын өзгөртүү, ошондой эле ага берилген фамилияны, атасынын атын башка ата-энесинин фамилиясына, атасынын атын өзгөртүү төмөнкү документтерди берүүдө ата-энесинин биргелешкен арызынын негизинде ишке ашырылат:

  • Арыз (Элчиликте толтурулат);
  • Кыргыз Республикасынын паспортунун түп нускасы + көчүрмөсү;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү;
  • Нике күбөлүгүнүн түп нускасы + көчүрмөсү (эгер арыз ээси никеде болсо);
  • Жашы жете элек балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк + көчүрмөсү (эгерде арыз ээсинин жашы жете элек балдары болсо);
  • Эгерде ЗАГС бөлүмдөрү тарабынан арыз ээси тарабынан аталыкты аныктоо катталса-аталыкты аныктоо жөнүндө күбөлүк + көчүрмөсү;
  • Эгерде арыз ээси мурда фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөн учурда - өзгөргөндүгү жөнүндө күбөлүк + көчүрмөсү;
  • Эгерде арыз ээси никенин бузулушуна байланыштуу ага никеге чейинки фамилиясын берүү өтүнүчү менен кайрылса, никенин бузулушу жөнүндө күбөлүк + көчүрмөсү;
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 10 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.

Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Эскертүү: фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:

  • Фамилиясынын, ысымынын, атасынын үнсүздүгү же аларды айтуу кыйынчылыгы;
  • Жарандык абалдын актыларынын жазууларына ылайык келбегендигине байланыштуу документтерди тартипке келтирүү;
  • Эгерде нике каттоосунда никеге чейинки фамилияларда калса, жубайынын башка жубайы менен жалпы фамилиясын алып жүрүүнү каалоосу;
  • Жубайынын никеге чейинки фамилиясын кайтарып алууну каалоосу;
  • Жубайынын никеге чейинки фамилиясын кайтарып берүүнү каалоосу, эгерде бул нике бузулганда айтылбаса;
  • Никеге чейинки фамилияны биринчи никедеги балдар менен бирдей кийүүнү каалоо, нике бузулбаган учурларда;
  • Эгерде жубайы каза болуп, арыз ээси (арыз ээси) никеге чейинки фамилияда болсо, балдар менен жалпы фамилияны алып жүрүүнү каалоо;
  • Эгерде алардын бири арыз ээсин тарбиялоого катышпаса, башка ата-эненин фамилиясын алып жүрүүнү каалоо;
  • Эгерде атасы арыз ээсин тарбиялоого катышпаса жана асырап алуу таризделбесе, өгөй атасынын (өгөй энесинин) же арыз ээсин тарбиялаган адамдын фамилиясын, ошондой эле өгөй атасынын же арыз ээсин тарбиялаган адамдын атын алып жүрүүнү каалоо;
  • Эгерде ата-энеси арыз ээсин тарбиялоого катышпаса жана асырап алуу таризделбесе, арыз ээсин иш жүзүндө тарбиялаган чоң атасынын, чоң энесинин же башка адамдын фамилиясын алып жүрүүнү каалоо;
  • Улуттук таандыктыгына жана улуттук каада-салттарына ылайык фамилияны, ысымды, атасынын атын алып жүрүүнү каалоо;
  • Кыргыз улуттук каада-салттарына ылайык жазылган фамилияны " кызы "уулунун" ордуна "- ов", "- ова", "- ова", "- обо" аяктаган фамилияга алмаштырууну каалоо;
  • Атасынын же чоң атасынын атынан алынган фамилияны алып жүрүүнү каалоо.

Корея Республикасынын аймагында каза болгон Кыргыз Республикасынын жаранынын өлгөндүгү жөнүндө актыны каттоо үчүн төмөнкү документтерди берүү зарыл:

  • Туугандарынан, тааныштарынан, досторунан ж. б. каза болгондугу тууралуу күбөлүктү тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз.
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту + көчүрмөсү (кайтарылбайт). Паспорт өлгөндүгү жөнүндө акт жазуусу менен бирге Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт.
  • Корея Республикасынын саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан өлгөндүгү тууралуу берилген медициналык маалымкат, орус же кыргыз тилине которулган. Котормонун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүп, Апостиль менен бекемделиши керек.

Эскертүү: мурда берилген улуттук жана/же эл аралык айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда документтерди кабыл алуу арыз ээсинин жеке катышуусу менен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:

  • айдоочунун күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү;
  • айдоочунун күбөлүгүндө камтылган анын ээсинин жеке маалыматтарын өзгөртүү;
  • эскиргендигине же бузулгандыгына байланыштуу айдоочунун күбөлүгүн пайдаланууга мүмкүн эместиги;
  • айдоочунун күбөлүгүн жоготуу.

Мурда берилген Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууда төмөнкү документтерди берүү зарыл:

  • Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз (Элчиликте толтурулат);
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту + көчүрмөсү;
  • Корея Республикасынын же Вьетнам Социалисттик Республикасынын медициналык мекемелери тарабынан берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн тастыктаган документтер (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыкты аныктоо, көрүүнү текшерүү) берилген күнү 12 айдан ашпашы керек. Корея Республикасынын же Вьетнам Социалисттик Республикасынын медициналык мекемелери тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилине нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен келген өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунда апостилдештирилүүгө тийиш;
  • Алмаштырылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүнүн түп нускасы + көчүрмөсү;
  • Айдоочулук курамды даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды аяктагандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы + көчүрмөсү (бар болсо көрсөтүлөт);
  • Айдоочунун курамын даярдоочу окуу уюмдары тарабынан берилүүчү айдоочунун өздүк карточкасы + көчүрмөсү (бар болсо көрсөтүлөт);
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 25 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  • Бардык документтер Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигине тапшырылгандан кийин Кыргыз Республикасында мамлекеттик алым төлөнүүгө тийиш. Идентификациялык номер Элчиликте берилет.
  • Бир A4 форматындагы Korea Post конверти 4000 вондук мөөрү менен (талап кылынат). Алуучунун толук аты-жөнү (чет элдик паспорттогудай), телефон номери жана үй дареги корей тилинде көрсөтүлүшү керек (Кыргыз Республикасынын Элчилигине жакын жайгашкан почтанын дареги: Bogwang-ro 25, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 보광로 25).
  • Айдоочулук күбөлүктү тариздөө жана берүү мөөнөтү 1-2 айды түзөт.
  • Жаңы айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө документтер жарактуу айдоочулук күбөлүк бүткөнгө чейин 6 ай мурда кабыл алынат.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
  • Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алууга/алмаштырууга арыз бардык талап кылынган документтер берилгенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү ЖОГОЛГОН учурда төмөнкү документтерди берүү зарыл:

Мурда берилген Кыргыз Республикасынын ЭЛ АРАЛЫК үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн алмаштырганда же жоготкондо төмөнкү документтерди берүү зарыл:

  • Ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арыз (Элчиликте толтурулат);
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту + көчүрмөсү;
  • Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгү + көчүрмөсү;
  • 3,5 х 4,5 см өлчөмүндөгү эки түстүү сүрөт, матовый сүрөт кагазында;
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 25 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  • Бардык документтер Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигине тапшырылгандан кийин Кыргыз Республикасында мамлекеттик алым төлөнүүгө тийиш. Идентификациялык номер Элчиликте берилет.
  • Бир A4 форматындагы Korea Post конверти 4000 вондук мөөрү менен (талап кылынат). Алуучунун толук аты-жөнү (чет элдик паспорттогудай), телефон номери жана үй дареги корей тилинде көрсөтүлүшү керек (Кыргыз Республикасынын Элчилигине жакын жайгашкан почтанын дареги: Bogwang-ro 25, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 보광로 25).
  • Айдоочулук күбөлүктү тариздөө жана берүү мөөнөтү 1-2 айды түзөт.
  • Жаңы айдоочулук күбөлүктү тариздөөгө документтер жарактуу айдоочулук күбөлүк бүткөнгө чейин 6 ай мурда кабыл алынат.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
  • Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алууга/алмаштырууга арыз бардык талап кылынган документтер берилгенден кийин гана кароого кабыл алынат.

Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат алуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылышы керек:

  • Белгиленген формадагы арыз (Жүктөө);
  • Арыз ээсинин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн (жубайы, балдары, ата-энеси) жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорттору + көчүрмөлөрү;
  • Туугандыкты тастыктаган документтер (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү) + көчүрмөлөр;
  • Alien Registration Card (Кореялык ай-Ди) + көчүрмөсү;
  • Консулдук эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо карточкасы (Жүктөө);
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 5 АКШ доллары (Кыргыз Республикасынын жарандары менен чет мамлекеттердин жарандары биргелешип көрсөтүлсө - 20 АКШ доллары, чет өлкөлүк жарандар үчүн - 50 АКШ доллары, үч жумушчу күндүн ичинде - 100 АКШ доллары) өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.
  • Берилген маалыматтардын, документтердин, ошондой эле арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүнүн жарактуулугун ушул шилтеме аркылуу текшерсе болот.

Айдоочунун күбөлүгүн тастыктоо үчүн төмөнкү документтер тапшырылышы керек:

  • Белгиленген формадагы арыз (Жүктөө);
  • Жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорт + көчүрмөсү;
  • Alien Registration Card (Кореялык Ай-Ди) + көчүрмөсү;
  • Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгү + эки көчүрмөсү;
  • Консулдук эсепке алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо карточкасы (Жүктөө);
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 5 АКШ доллары (чет өлкөлүк жарандар үчүн 50 АКШ доллары, үч жумушчу күндүн ичинде - 100 АКШ доллары) өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет жасалганга чейин төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Элчилигинен KEB Hana банкынын жакынкы дареги: Itaewon-ro 145, Yongsan-gu, Seoul; 서울시 용산구 이태원로 145.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  • Айдоочунун күбөлүгүн тастыктаган маалымкат аныктыгын текшергенден кийин берилет.