Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз-герман мамилелери

Мамилелердин укуктук фундаментин Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы мамилелердин негиздери тууралуу 1992-жылдын 4-июлундагы Биргелешкен билдирүү жана Дипломатиялык мамилелерди түзүү жɵнүндɵ 1992-жылдын 3-февралындагы документ түзүшɵт.

Кыргызстан Германияны Европадагы эң маанилүү ɵнɵктɵштɵрдүн бири катары эсептейт. Эки тараптуу мамилелер салттуу жакшы жана достук байланыштардын фундаментине ээ.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Германияга болгон расмий сапарлары жана 2016-жылдын июль айындагы Кыргызстанга болгон Германиянын Федералдык канцлери А.Меркельдин расмий сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында зор жана принципиалдуу мааниге ээ.

Германия 2007-жылы Европа бирлигиндеги тɵрагалыгынын алкагында «Борбор Азия боюнча Европа бирлигинин стратегиясынын» демилгечиси болуп эсептелет.

Өкмɵттɵр, ведомстволор жана парламенттер аралык деңгээлдеги эки тараптуу сапарлар жана үзгүлтүксүз контакттар эки тараптуу тыгыз ɵз ара аракеттенүүгө болгон кызыкчылыкты билдирет.

Германия менен Кыргызстандын саясий тармагындагы активдүү ɵз ара аракеттенүүсү негизинен Германиянын Экономикалык кызматташтык жана ɵнүктүрүү федералдык министрлиги аркылуу финансы-техникалык кызматташтыктын ийгиликтүү ишке ашырылышына таасир берет.

Кыргызстан Европада жана дүйнɵдɵ экономикалык жактан ɵнүккɵн ɵлкɵ болуп саналган Германия менен экономикалык кызматташтыкка кызыктар. Айыл чарба, энергетика, туризм жана башкалар кызматташтыктын перспективалык багыттары болуп саналат.

Азыркы учурда Кыргызстан «Кыргызстанда жасалган» аттуу маркасы менен продукцияны Европа рыногуна киргизүүгө шарт түзгɵн Европа бирлиги тарабынан Кыргызстанга берилген «ВСП+» статусунун алкагында Германия жана Европа менен кызматташтыкка кызыктар.

Этникалык немистер менен тарыхый байланыштардын болгондугу эки ɵлкɵнү жакындаштыруунун маанилүү стимулу болуп эсептелет.

Элдердин ортосундагы руханий жана маданий байланыштар мамилелердин негизги бɵлүгү болуп эсептелет. Кыргызстандагы этникалык немистер мамилелердин фундаменти, кызматташтыктын ɵзгɵчɵ кɵпүрɵсү болуп калууда.

Маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтык эки тараптуу кызматташтыктын ичинде борбордук орунга ээ. Аталган кызматташтыктын түрү ар кандай иш-чараларды камтыйт, анын ичинде концерттер, кɵргɵзмɵлɵр, жогорку окуу жайлар ортосундагы ɵнɵктɵштүк, академиялык жана билим берүү алмашуулары.

Германия менен келишимдик-укуктук база Европа бирлигинин ɵлкɵлɵрү арасында эң кеңири жана кызматташтыктын бардык тармактарын камтыйт.