Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 27-декабрында түзүлгөн. АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири.

Кыргызстандын АКШдагы Элчилиги  1992-жылы ачылган. Ушул эле жылы АКШнын Кыргызстандагы Элчилиги ачылган. Ал Кыргыз Республикасындагы жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү алгачкы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири болуп калган.

Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден тартып, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы достук, өз ара сыйлоо жана эки тараптуу мамиле саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө мындан да тыгыз байланышты илтерилетүүгө аракеттенүү маанайында өнүгүүдө.

2015-жылдагы эркин жана калыс парламенттик шайлоолорду  жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолорду өткөрүүдөгү кармануусун кубаттоо менен, АКШ демократияны илгерилетүүдөгү Кыргызстандын лидерлигин жогору бааалайт.

Кыргызстан менен АКШ БУУ, ЕККУ, С5+1, ТИФА, ДСУ жана башка ушу сыяктуу ар тараптуу аянттардын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө күч-аракетин жумшайт.

Парламенттер аралык кызматаштык бөлүгүндө, 2014-жылдан тартып АКШ Конгрессинин «Ачык дүйнө» программасы, 2012-жылдан тартып - «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиясы, АКШнын өкүлдөр палатасы менен, ошондой эле тараптардын мыйзам чыгаруу органдарынын профилдүү коммитеттеринин байланыштарынын деңгээлинде  кызматташтыкты ишке ашыруу уланууда.

Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы эки тараптуу мамиле

Кыргызстан менен Канаданын ортосундагы дипломатиялык мамиле 1992-жылдын 17-февралында түзүлгөн. Кыргызстан Канадада Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канадагы Элчилиги АКШнын Вашингтон шаарында жайгашкан резиденциясы менен көрсөтүлөт. Ал эми Канаданын Кыргызстандагы Элчилиги Астана шаарында жайгашкан резиденциясы менен көрсөтүлөт.

Демократиялык өнүгүүнү жана эркиндикти колдоо, гендердик теңдикти, толеранттуулукту, диний ишенимдин эркиндигин жана маданияттын көп түрдүүлүгүн сыйлоону камтуу менен калктын бардык катмары жана категориясы үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо жаатындагы эки өлкөнүн жалпы принциптерин эске алуу менен Канада Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү болуп эсептелет.

Канада, Кыргызстандагы 2015-жылдагы эркин жана калыс парламенттик шайлоолорду жана 2017-жылдагы президенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн, демократияны илгерилетүүдө Кыргызстандын лидерлик сапатын жогору баалайт.

Кыргызстан жана Канада эки тараптуу да, ар тараптуу да негизде кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө күч-аракетин жумшайт.

2018-жылдын 12-июнунда Канада, Оттава шаарында кыргыз-канада мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болуп өткөн, эки өлкөнүң ортосундагы тышкы саясий ведомстволордун ортосундагы консультациялар, ар кандай жааттарда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн маанилүү негиз болуп калды.