Укуктук базасы

Кыргыз-Түрк мамилелери келишимдик-укуктук базасы, ар түрдүү тармактардагы кызматташтык маселелерин жөнгө салуу максатында 100дөн ашык макулдашуулардан, келишимдерден жана протоколдордон турат, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү, аскердик-техникалык жаатында.

Негизги эл-аралык келишимдер жана документтер:

1. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлүүсү жөнүндө протоколу (1991-жылдын 23-декабры, Москва шаары);

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль ташуу жөнүндө келишим (1992-жылдын 29-апрели, Бишкек шаары);

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик билим берүү тармагындагы кызматташуу жөнүндө келишими (1993-жылдын 3-марты, Анкара шаары);

4. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Консулдук Конвенция (1994-жылдын 14-октябры, Анкара шаары);

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарды түзүү боюнча келишим (1994-жылдын 14-октябры, Анкара шаары);

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарында кыргыз-түрк “Манас” Университетин ачуу боюнча келишим (1995-жылдын 30-сентябры, Измир шаары);

7. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жана кызматташуу келишими (1997-жылдын 24-октябры, Анкара шаары);

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы бажы иштери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө келишим (1998-жылдын 14-апрели, Бишкек шаары);

9. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө келишим (Анкара, 1999-жылдын 1-июлу);

10. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен билдирүү (2000-жылдын 18-октябры, Бишкек шаары);

11. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы жарандык, соода жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам жөнүндө макулдашуу (2006-жылдын 5-сентябры, Анкара шаары);

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ТИКАнын Координациялык офисинин программалаларынын иши жөнүндө макулдашуусу (2006-жылдын 5-сентябры, Анкара шаары);

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңешти түзүү боюнча биргелешкен билдирүүсү (2011-жылдын 26-апрели);

14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө келишим (2011-жылдын 26-апрели, Анкара шаары);

15. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы жаңы тарыхий мамилелердин этабы жөнүндөгү мааракелүү биргелешкен билдирүү (2012-жылдын 12-марты, Анкара шаары);

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (2014-жылдын 3-июну, Анкара шаары);

17. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо жөнүндө келишим (2018-жылдын 9-апрели, Анкара шаары);

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишим (2018-жылдын 9-апрели, Анкара шаары)

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү жана Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын медицина жана медициналык адистиктер жаатында билим алуу жөнүндө келишим (1-сентябрь 2018-ж., Бишкек шаары);

20. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча башкы кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдируусу (2021-жылдын 9-июну, Анкара шаары).