Пайдалуу маалымат

2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасында жана 2020-жылдын 1-январынан тарта  Башкы консулдук тарабынан 16 жашка чыга элек балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүккө баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгондугун тастыктоочу маалымкат берүү токтотулат.

2019-жылдын 1-январынан баштап Кыргыз Республикасында жана 2020-жылдын 1-январынан тарта  Башкы консулдук тарабынан 16 жашка чыга элек балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүккө баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгы болгондугун тастыктоочу маалымкат (вкладыш) берүү токтотулат. Ошентип, мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө балдарда жалпы жарандык паспоту (чет өлкөлүк паспорт) болушу керек. Ошого байланыштуу балдарга алдын ала паспорт алып берүүӊүздөрдү суранабыз.

«Кыргыз Республикасынын электрондук визасы»

«Кыргыз Республикасынын электрондук визасы»

2017-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргызстанда «Электрондук виза» системасы иштеп келе жатат.

 «Электрондук виза» биздин өлкөгө чет өлкөнүн туристтеринин жана бизнесмендердин келишин бир топ жеӊилдетти, визаларды жол-жоболоштурууда убакытты жана материалдык чыгымдарды бир топ кыскартты.

Система иштеп турган мезгиле электрондук жол менен 20 миӊден ашык түрдүү категориядагы визалар берилди, ал «Электрондук визанын» ишинин ийгилигин көрсөтөт.

Жайкы туристтик сезондо берилген өтүнмөлөрдүн саны ыкчам өсүп кеткендигин баса белгилөөгө болот: (январь-1301, февраль  1167, март - 2049, апрель — 1249, май - 3505, июнь — 4149, июль — 5672).

Берилген электрондук визалардын статситикасы системага улам барган сайын суроо-талап күчөп, четөлкөлүк туристтерде да, жана чет өлкөлөрдүн жарандарын чакырган ата мекендик компанияларда да чоӊ суроо-талап менен колдонуларын көрсөттү.

Аны менен бирге, электрондук виза алууга кайрылуулардын саны көбөйүү менен өтүнмөлөрдү кароо мөөнөтү менен байланышкан же электрондук виза берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу нааразачылыктар пайда болууда.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөргө көӊүл буруу керек деп эсептейт:

Электрондук визалар 2017-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын №155 токтому менен бекитилген Визаларды жол-жоболоштуруу жана берүү тартиби жөнүндө нускамага ылайык толтурулат.

Белгиленген нускамага ылайык, электрондук визаларды жол-жоболоштуруу мөөнөтү Нускамада белгиленген, талаптагыдай толтурулган  документтердин бардыгын алгандыгын эске алуу менен, 3 күндү түзөт.

Иш эмес күнөрү, майрам жана де малыш күндөрү тапшырылган өтүнмөлөрдү кароо кийинки иш күнү эртеӊ менен саат 9.00дон башталат.

Аны менен бирге, белгиленген мөөнөттө кароону сактабаган учурлар кездешет, алар төмөнкү факторлор менен байланышкан:

  • Өтүнүчтөрдүн (ходатайство)  көпчүлүгү ката (анкетадагы белгиленген маалыматтары (ААА, туулган жылы, паспортунун номери, паспортунун жарактуу мөөнөтү, телефон номери жана дареги) туура эмес) жазылып келет ;
  • сапатсыз сүрөттөр же паспорт көчүрмөлөрү тиркелет;
  • виза алуучулар Нускамада көрсөтүлгөн документтерди толук тапшырбайт;
  •  чакырган уюмдар аракети өтүп кеткен мөөнөттөгү документтерди жиберишет   (Социалдык фонддун жана Салык кызматынын сунуштама берген уюмдун бересеси жоктугу жөнүндөгү маалым каты)
  • Айрым өтүнмөлөр, коопсуздук маселелерине байланыштуу, көпкө чейин иликтенет;
  • «Электрондук виза» системасынын операторлору өтүнмө бергендердин катасын оӊдоого мажбур болушат, андыктан ал өтүнмөгө көп убакыт сарпталат, ал виза берүүнүн ыкчамдыгына жана өз учурунда аткарылышына терс таасир тийгизет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын ТИМи  электрондук виза алууга  www.evisa.e-gov.kg сайтында  өтүнмө толтурууда барык маалыматтарды жана күбөлүктөрдү, алардын  бардыгы талаптагыдай берилгендигин текшерип алууну  өтүнөт

Материалдык жоготуулардын алдын алуу үчүн Министрлик, ошондой эле,  электрондук виза жактырылгандыгы тууралуу билдирүү алмайында Кыргыз Республикасына  авиа билетти албай турууну өтүнөт.

Кошумча маалыматты «Электрондук визанын»  www.evisa.e-gov.kg сайтынан, ошондой эле  evisa.kg@gmail.com дарегине электрондук кат жазуу аркылуу алууга болот.