Маданий-гуманитардык кызматташтык

Маданий-гуманитардык кызматташуу

Кыргыз Республикасын жана Украинаны байыркы тарыхый илимий жана маданий-гуманитардык байланыштар байланыштырууда.

Эки өлкө тең маданият, билим берүү, илим жана алардын аймагында туруктуу жашап жаткан мекендештерди колдоо боюнча өз кызыкчылыктарын көрсөтүп, кызматташууну жүргүзүүдө.

Маданий багытта кызматташуу укуктук жактан 1993-жылы 23-февралда кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Украинанын өкмөттөр аралык кызматташуусу жөнүндөгү Келишимдин негизинде ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Киев жана Львов шаарларында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган ар түрлүү иш-чараларды уюштуруп, “Манас” эпосун украин тилине которулган китебинин бет ачарын жана ошондой эле, ар түрдүү маданий иш-чараларга катышып, ал жерде Кыргыз Республикасынын көөнөргөс мурасын, каада-салтын, үрп-адаттарын жана туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу байма-бай маалыматтарды берип турду. Украин тилине Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда”, “Тавро Кассандры”, “Уул менен кездешүү”, “Чыңгызхандын ак булуту” аттуу чыгармалары которулду. Андан тышкары Элчиликтин демилгеси менен “Кыргыз эл жомоктору” украин тилине которулуп, жарыкка чыгарылды. Элчиликтин аткарган иш-чаралары тууралуу маалыматты “Жаңылыктар жана окуялар” бөлүгүндө кененирээк таанышсаңыздар болот.

Элчилик тарабынан үзгүлтүксүз түрдө расмий интернет баракчага жана социалдык түйүндөрдөгү баракчага туристтик видео-роликтер жайгаштырылып, туризм тармагында эмгектенген ишканалар жана Украинанын компетенттүү органдары менен жолугушуулар өткөрүлүп жатат.

Билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташуу

Азыркы учурда кыргыз тарабынын кароосунда билим берүү жөнүндөгү өкмөттөр аралык келишимдин долбоору каралууда.

Элчиликтин демилгеси менен эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын ортосундагы Келишим жаңыртылып, кол коюлду.

Элчилик тарабынан Украинанын аймагында Улуу Ата-Мекендик согуштун мезгилинде курман болгон жоокерлердин бирдиктүү базасын түзүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Медицина чөйрөсүндөгү кызматташуу

Украинанын медициналык чөйрөсүндөгү өнүгүүнү эске алуу менен, Элчилик эки өлкөнүн бейтапканалары ортосунда кызматташууну орнотуу максатында  Киев шаарына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун жетекчиси К.Узакбаев жетектеген дарыгерлердин тобун Украинанын Илимий-практикалык жаш балдардын кардиология жана кардиохирургия медициналык борбору менен таанышуу жана дарыгерлер ортосунда тажрыйба алмашуу иш чарасын уюштурган.