Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын жана Украинанын ортосунда экономикалык мамилелер эки өлкөгө тең эркин соода кылуу мүмкүнчүлүгүн берген эки тараптуу келишимдердин жана КМШ, БДСУ негизинде кызматташуу алкагында кабыл алынган көп тараптуу келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

Кыргыз экспортунун эң негизги товарлары: учуучу жана космостук жабдуулар (82%), ышталбаган тери жана иштетилген тери (13 %), электр унаалар жана жабдуулар (1,6%), ар түрдүү тамак-аш азыктары, реакторлор – ядердык, кургак жер-жемиштер, күйүүчү заттар, оптикалык жабдуулар (3,4%).

Украинадан импорттолгон товарлар: фармацевтикалык буюмдар (20 %), ун, крахмал, сүттөн даярдалган даяр тамаш-аш азыктары (15,5%), эт жана эттен жасалган тамак-аштар (11%), шекер жана кондитердик буюм (9 %), какао жана андан жасалган буюмдар (9%), реакторлор – ядердык (8 %), электр унаалар жана жабдуулар (7,5%), кагаз жана картон, кагаздан жасалган буюмдар (3%), сүт жана сүт азыктары, жумуртка, бал, мал багытындагы азыктар (2 %), оптикалык жабдуулар (1,5%), пластмасса жана андан жасалган буюмдар (1,3%), жер-жемиштердин, жаңгак (1,2%), кир жуучу каражаттар (1,1%) жана башкалар.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүчү эң негизги мханизм катары кыргыз-украин өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданияттык кызматташуу комиссиясын айтсак болот. Алгачкы отуруму 2003-жылы 27-28-мартында Киев шаарында өткөрүлгөн, экинчиси 2007-жылы 14-15-майында Бишкекте болуп, үчүнчүсү 2013-жылы 4-июлда Киевде өткөн. Кыргыз тарабынан комиссиянын төрагасы болуп экономика министри, ал эми украин тарабынан социалдык министри дайындалган.

Эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүндө үзгүлтүксүз түрдө байланыштар болууда. Так айтканда, 2016-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарында жаш ишкерлер ассоциациясынын жана Кыргызстандын соода, өнөр-жай палатысынын көмөгү менен кыргыз-украиналык бизнесс форуму өткөрүлүп, дал ошондой форум 2018-жылдыг 3-июлунда Киев шаарында өткөрүлгөн.