Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

3142

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Украинанын аймагына кайтып келүү, аймакка кирүү санынын көбөйүшүн жана учурдагы аскердик абалды эске алуу менен, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн ар кайсы аймактарында ракеталык жана бомбалык чабуулдардын коркунучу уланып жаткандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги дагы бир жолу Кыргызстандын жарандарын кырдаал толук турукташканга чейин Украинага кирбөөгө чакырат.

Чукул муктаждык болгон учурда, Украинанын аймагына кирүү ошондой эле чыгуу жана болуу тартибин кылдат изилдөөңүздөрдү өтүнөбүз.

Элчилик ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук жана башка жардам көрсөтүү максатында оперативдүү байланышты камсыз кылуу үчүн консулдук каттоого турууну же өзүңүз жөнүндө маалыматтарды жаңыртууну сунуштайт.

Байланыш маалыматтары шилтемеде:  https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-ukraine/menyu---inostrannoe/o-posolstve/konsulskiy-otdel/konsulskiy-otdel-5c501dd4a6e27

Мындан тышкары, Украин өлкөсүнүн учурдагы мыйзамдарын так сактоону, аскердик абал боюнча ыйгарым укуктуу органдардын талаптарын аткарууну, ошондой эле өзүңүздүн коопсуздук чараларыңызды күчөтүүнү суранабыз, Украинанын абадан коргонуу системаларынын аба сигналдарын жарыялоодо инструкцияларды аткарууну унутпаңыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK