Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өткөрдү

341

2023-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги жарандардын укуктарын коргоонун алкагында Эл аралык карылар күнүнө карата кыргыз диаспорасынын эң кары өкүлдөрүнүн бирине консулдук иш сапары менен барды. Украинада ушул жылдын май айында 82-жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны Воронова Галина Михайловна.

Галина Михайловна Воронова карыганда Украинанын аймагында колдонулуп жаткан согуштук абалдын режиминде 6-жаштагы чөбөрөсү Аннаны өз алдынча багып жатат.

Жакында эле Воронова ооруканадан чыгып, өз алдынча кыймылдай албайт.

Консулдук жардам көрсөтүүнүн алкагында мекендешибизге Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Элчилик тарабынан жаңыртылган паспорту жеткирилип, тапшырылды. Эл аралык майрамдын урматына азык-түлүк пакети салынган себет берилди.

Белгилүү болгондой, карылардын Эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул чечим 1990-жылы декабрда Бириккен Улуттардын Уюмунун Генеральный Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган.

Карылар күнүн өткөрүүнүн максаты - улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына коомчулуктун көңүлүн буруу, алардын коомго муктаждык сезимин сактоо, коомдун демографиялык карылыгы тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан өткөндөрдүн саны жыл сайын көбөйүүдө. Бул 1950-1960-жылдары туулган муундун пенсия курагына өтүшү менен шартталган, ал аскер муундарынан чоң. Акыркы беш жылдын ичинде гана бул курактагы адамдардын саны жалпысынан республика боюнча 117 мицден ашык адамга же 23 процентке кебейду.

  • Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Эл аралык карылар күнүнө карата иш-чара өткөрдү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK