Элчи И.Кадыркулов гуманитардык миссиясы менен “Затишок” социалдык-реабилитациялык балдар шаарчасында болду

302

2023-жылдын 25-ноябрында кыргыз-украин маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчиси И.Кадыркулов парламенттер аралык кыргыз-украин достук тобунун жетекчиси, Верховный Раданын депутаты В.Неклюдов менен бирге Закарпат областынын Пилыпец кыштагында «Затишок» социалдык-реабилитациялык балдар шаарчасында болду. Ошондой эле иш-чарага Закарпат областынын башчысы В.Микита катышты.

"Затишок" балдар шаарчасы - токойдун четине жаңы ишке киргизилип, жетим балдарга, статусун аныктоого муктаж болгон балдарга, ар тараптуу өнүктүрүү, тарбиялоо, билим берүү, кесиптик багыт берүү, социалдык адаптациялоо жана өз алдынча жашоого даярдоо үчүн уюштурулган балдар мекемеси. Мекеме ышкыбоздордун жана жеке адамдардын күчү менен курулуп, иштегенине 1,5 жылдан ашты.

Шаарчага болгон иш сапарынын жүрүшүндө коноктор балдар, мугалимдер жана кураторлор менен бирге убакыт өткөрүп, жаңы түзүлгөн инфраструктура, негизги иш-чаралар жана реабилитациялоо программасы менен таанышышты. Эмгек жаамат менен шефтеринин күч-аракети менен балдар үчүн өтө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн, ичиндеги моралдык-психологиялык климатынан эле сезилип жаткандыгын айта кетүү керек.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK