Тегеран шаарында 37- Эл аралык “Фаджр” кинофестивалы болуп өттү

3938

2019-жылдын 19 нан 25- апрелине чейин Тегеран шаарында  37- Эл аралык “Фаджр”  кинофестивалы  болуп өттү.

Кыргызстандан бул фестивалга режиссер  Айбек Дайырбековдун  "Дарак  ыры" аттуу көркөм тасмасы катышып,  англис жана перс тилиндеги субтитрлери менен коштолуп көрсөтүлдү. Фильмдин көрсөтүүсүндө башкы каарман  Өмүрбек Израилов  катышты.
22 апрелде “Charsou" кинозалында  Кыргыз Репсубликасынын ИИР Элчиси А.Абдуразаков  жана элчиликтин кызматкерлеринин катышуусу менен бирге фильмдин расмий көрсөтүүсү болуп өттү. Тасманын алдында КР ИИР Элчиси А.Абудразаков куттуктоо сөзүндө кыргыз элинин байыркы турмушун чагылдырган тасмага жана  аудиторияга толгон көрүүчүлөргө  ийгиликтерди каалап кетти. Иш-чарага ошондой эле Иран Ислам Республикасында аккредиттелген дипломатиялык корпустун бир катар өкүлдөрү болгон: Россия Федерациясы, Иран, Италия, Түштүк Корея, Таиланд, Германия, Өзбекстан, Малайзия, Аргентина, ошондой эле Тегеран шаарында жашаган мекендештер  катышышты.
"Дарак ыры"  көрүүчүлөрдүн жана элчиликтин кызматкерлеринин купулуна толуп, кызыкчылык жаратты. Кинонун соңунда Өмүрбек Израилов  ирандын массалык маалымат каражаттарына маек берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK