Консулдук каттоо

Консулдук эсеп Кыргыз Республикасынын жарандарын натыйжалуу консулдук тейлөөнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде коргоо максатында ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары барган мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсепке турушат.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгышы керек.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин консулдук кызмат адамы (мындан ары - консул) өзүнүн консулдук округунун чегинде Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарын консулдук эсепке тургузат:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна чыгып кеткендерди;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабагандарды;

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан асырап алынган жашы жете элек балдарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары төрөлгөн жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жашы жете элек балдарды;

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган ордун алмаштырган жарандарды.

Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын консулдук эсепке тургузуу үчүн ата-энеси же камкорчусу (көзөмөлчүсү) белгилүү үлгү боюнча арыз толтурууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын 25-ноябрындагы №632 “Кыргыз Республикасынын жарандарын "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү туралуу” токтомун кабыл алган.

Бул токтом ошондой эле "Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен жана бул процедураны онлайн түрдө берүү мүмкүнчүлүгү аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

"Консулдук эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке дистанциондук түрдө (жаран өзү барбастан) турууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан сырткары бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жарандарын консулдук эсепке алууга консулдук жыйымдар алынбайт.

 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу тартиби

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн төмөнкү документтерди беришет:

1) арызын жана форма боюнча толтурулган каттоо карточкасын;

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун;

3) "Каттоо эсебинен чыгарылды" штампы басылган чыгаруу дарек баракчасын;

4) бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн, ак фондогу, 3x4 см өлчөмдөгү эки түстүү фото сүрөттү.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине (КРнын КЭРдеги Элчилигинин электрондук почталык адреси: kgembassy.cn@mfa.gov.kg) аталган документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.

Документтердин жок болушу же туура эмес толтурулушу консулдук эсепке тургузуудан баш тартуу үчүн негиз болот.

 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке тургузуу тартиби

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде убактылуу болгон, бирок туруктуу жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине консулдук эсепке тургузуу жашаган орду боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан консул тарабынан ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесине жеке кайрылганда консулдук эсепке тургузуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерин беришет:

1) 2-тиркемеге ылайык форма боюнча толтурулган каттоо карточкасын;

2) Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун;

3) бетинин сүрөттөлүшү так көрүнгөн, ак фондогу, 3x4 см өлчөмдөгү эки түстүү фото сүрөтүн.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук эсепке туруу үчүн өзү барбастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин расмий электрондук дарегине (КРнын КЭРдеги Элчилигинин электрондук почталык адреси: kgembassy.cn@mfa.gov.kg) ушул пунктта каралган документтерди (түстүү сүрөт электрондук түрдө жиберилет) сканерленген түрдө жиберүүгө укуктуу.

 

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу тартиби

Чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:

- жаран Кыргыз Республикасына кайткан учурда;

- Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн кеткен учурда;

- бир чет мамлекеттин чегинде Кыргыз Республикасынын жаранынын жашаган орду өзгөрүп, башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп кеткен учурда;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда;

- Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде консулдук эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарынан арызы боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси тарабынан ишке ашырылат.Link to fileLink to file