2018-жылдын 27-29-июнь күндөрү Мумбай шаарында Эл аралык «Technotex-2018» текстиль тармагында көргөзмөсү өтүп жатат

4112

Бул иш-чарага Кыргызстандын «Билал-Кидс», «Сапат Дом», «Чапан.kg», «K-Jetigen» кийим чыгаруу компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

Көргөзмөнун жүрүшүндө делегация тематикалык отурумдарда катышып, Индиянын текстилдик өнөр жай тажрыйбасы, акыркы технологиялык өнүгүүлөр, жабдуулар жана буюмдар менен таанышып, Индия өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн эки тараптуу жолугушууларды өткөруп жатышат.

Эл аралык иш-чарага 36 өлкөнүн делегаттары катышууда.

Көргөзмөнү Индиянын соода жана өнөр жай министрлигинин колдоосу менен Индиянын текстиль министрлиги жана FICCI соода жана өнөр жай палаталарынын федерациясы уюштурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK