Маданий-гуманитардык кызматташтык

Эки өлкөнүн ортосунда узак мөөнөттөгү жакын коңшулук, достук жана кызматташтык, руханий жакындыкты, ошондой эле Кыргызстанда жана Россияда жашаган элдердин кызыкчылыгында маданияттар аралык диалогду мындан ары бекемдөөгө көмөк болуучу маданий-гуманитардык илимий-техникалык өз ара кызматташуу активдүү түрдө ишке ашырылууда.

КРсы менен РФнын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 25 жылдык мааракесине карата масштабдуу иш-чара мамлекеттик деңгээлде Москва, Казань жана Уфа шаарларында Кыргызстандын Маданият күндөрүн өткөрүү иш ийгиликтүү ишке ашырылган. Мамлекеттик Кремль сарайында КРнын искусство чеберлеринин катышуусунда Гала концерт, эл аралык кинофестивалдарда алдыңкы сыйлыктардын ээси болгон «Кентавр», «Сутак» жана  «Курманжан Датка» тасмаларынын көрсөтүлүшү, республиканын туристтик, саламаттыкты сактоо, рекреациялык дараметтерин даңазалоо максатында көргөзмөлөр уюштурулган. Аталган мамлеккеттик масштабдагы иш-чараларга Москва шаарына 235 адамдан турган КРнын делегациясы, Уфа жана Казань шаарларындагы иш-чараларга 50 кишиден турган делегация катышкан.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин тарыхый тажрыйбасы жана көп жылдык практикасы эки тараптуу руханий байланыштар саясий жана экономика тармактардагы мамилелерге караганда бир топ бекемирээк экенин көрсөтүүдө. Биздин элдерибиздин ортосунда негизги бириктирүүчү өзөк болуп орус тили саналат жана мындан ара кала берет. Башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан орус тилине расмий статус берген.

Туризмди өнүктүрүү боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2020-жылга чейин Программасын ишке ашыруу боюнча иштерди аткаруу ишибиздин негизги багыты болуп саналат. 2018-жылдын 2-8-сентябрында өткөрүлгөн Үчүнчү Көчмөндөр оюндарына россия тарабынын ири өкүлдөрү, спорттук, маданий тармактар боюнча чоң делегациянын катышуусу камсыздалды. РФнын ири региондорунун башчылары баш болгон олуттуу расмий адамдардын делегациясы Бүткүл дүйнөлүк Үчүнчү Көчмөндөр оюндарынынын салтанаттуу ачылышына жана спорттук, маданий иш-чараларга катышуу үчүн ири командалар РФнын 12 аймагынан келип катышышты (Татарстан Республикасы, Алтай, Башкортостан Республикасы, Калмыкия Республикасы, Бурятия Республикасы, Свердлов облусу, Алтайского крайы, Карачаево-Черкесс Республикасы, Хакасия Республикасы, Саха (Якутия) Республикасы, Тыва Республикасы, Челябинск облусу).

Ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу боюнча Россиянын медиа коомчулугу менен тыгыз иштер жасалып, Оюндарды Россиянын ВГТРК, “Первый канал”, «МИР” сыяктуу алдыңкы телеканалдары, ошондой эле “Россия сегодня”, “ТАСС” ири маалыматтык агенттиктери тарабынан чагылдырды.

Эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташуусу 2018-жылы Кыргыз Эл жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөө чакырыгы менен өттү. россия тарабы жазуучунун 90 жылдык мааракесин утурлай Үчүнчү Ысык-Көл интеллектуалдык форумга активдүү катышышты, Москвада «Россия и исламский мир» Стратегиялык көз караш тобу тарабынан сунушталган экинчи айтматовдук окуулар, РФнын алдыңкы окуу жайлары болгон Москва Мамлекеттик университетинин, Москва Мамлекеттик Лингвистикалык университетинин, А.С.Пушкин атындагы Институттун базасында “Ч.Айтматов. Доор. Инсан” аталган Эл аралык илимий-практикалык конференция; Мамлекеттик Третьяков галереясында Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм тасма жумалыгын жана башка иш-чаралар чейин өткөрүлдү. 2018-жыл ичинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 42 мааракелик иш-чаралар өткөрүлгөн.

2018-жылдын 7-декабрында КРнын Президенти С.Жээнбековдун, Москва шаарынын Мэри С.Собяниндин КРнын жана РФнын Маданият министрлери , А.Жаманкулов жана В.Мединскийдин катышуусу менен Москва шаарында жазуучунун аты берилген сейил Ч.Айтматовдун эстелигин расмий ачуу салтанаты жогорку деңгээлде өттү.

Билим берүү тармагында КРсы менен РФнын ортосунда кызматташуунун укуктук негизин өкмөттөр аралык жана макулдашуулардын негизинде ишке ашат. РФнын Өкмөтү тарабынан 2017-жылы бекитилген квотанын алкагында РФнын ЖОЖдоруна 400 орун берилген, 449 КРнын жаранынан арыз түшүп, 419 жактырылып, РФнын жана Москванын 109 окуу жайына кирип окууга  буйрук чыккан. 

2018-жылы РФнын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-2019-окуу жылдарына КРнын жарандарына федералдык мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде билим алууга федералдык бюджеттин каражатынан 366 мамлекеттик стипендия бөлүп берген.

Азыркы кезде Россиянын жогорку окуу жайларында 8054 КРнын жаш жарандары билим алышууда, алардын ичинен 5295 студент бюджеттик негизде, 2795 жаран келишимдик негизде билим алышууда.

Кыргыз-даниялык эки тараптуу мамилелер

Маданий-гуманитардык кызматташуу

2005-жылы «Жаңы муун» мамлекеттик программасынын катчылыгы менен бирге «Балдарды коргоо борбору»  Кыргызстандык балдарга Данияда каражат чогултуу акциясын Дания тарабы колдоп жалпысынан 1 миллионго жакын евро жыйналып, балдарга тийиштүү жарадам көрсөтүлгөн.

Дания Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен «Балдарды сактагыла» аталган Даниялык кайрымдуулук уюмунун ортосундагы келишимдин алкагында Кыргызстанда кароосуз калган балдар үчүн үй-бүлөлүк шарттарды түзүү боюнча долбоор ишке ашырылган.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Дания агенттиги Бишкек шаарынын Мэриясы менен биргеликте Бишкек шаардык таштандыларды таштоо жайында газдарды кайра иштетүү, тазалоо боюнча долбоорго катышкан.

Ошондой эле Дания ДАНИДА даниялык агенттигинин жана эл аралык уюмдардын (ПРООН, Бүткүл дүйнөлүк банк) багыты боюнча билим берүү тармагындагы ар кандай долбоорлордун ишке ашырылышына катышкан.

Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы эки тараптуу мамилелер

Маданий-гуманитардык кызматташуу

Норвегия Өкмөтү КРнын Улуттук стратегиясынын жакырчылыкты жоюу боюнча пландарын ишке ашырууга көмөк катары 1 млн. евро көлөмүндө колдоо көрсөткөн. Бул каржылык жарам ЮНИФЕМ багыты аркылуу «Кыргызстан аялдарынын жерге укугу жана туруктуу камсыздоосуна каражат» аталган айыл жерлеринде жашаган аялдарды колдоого чыгымдалган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жакырчылыкты жоюу боюнча программасына көмөк катары Норвегия Өкмөтү 1,1 млн. норвегиялык крон (140 миң.евро) кароосуз калган балдарды социалдык көнүктүрүү программасынын ишке ашырылышына берген.

Норвегия Өкмөтү ЕККУнун «ИИМне көмөк» долбоорун ишке ашыруусуна КРнын милиция кадрларын даярдоого 500 миң. евро суммасында жардам көрсөткөн.