Май майрамдарына карата эс алуу күндөрү тууралуу маалымат

9827

Урматтуу мекендештер, Россия жергесиндеги кыргызстандыктар,

1-май – эмгекчилердин күнүнө, жана 9-май- Жеңиш күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2019-жылы эс алуу күндөрүн алмаштыруу жөнүндө” Токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1-майында жана 9-майынан баштап 12-майына чейинки күндөрү эс алуу күндөрү деп саналат.

Ушуга байланыштуу белгиленген күндөрү -  2019-жылдын 1-майында жана 9-майынан баштап 12-майына чейинки күндөрү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

Ошондуктан кыргызстандык жарандарыбыз ар кандай ортомчу жана алдамчылар аркылуу жасалма документтери менен укук коргоо органдары тарабынан кармалып жаткан фактылар болуп жаткандыгына байланыштуу, ушул күндөрү Сиздерге башка даректен документ жасап берүүнү сунушташса, алардын бардык аракеттери алдамчылык экенин, жана жасалма документ берерин билиңиздер. Алардан алган жасалма документтер менен Россиянын жана Кыргызстандын тийиштүү органдарына кармалсаңыз, анын артында чон зыян тартарыңызды да дагы бир жолу эскертип кетебиз.

Документтерди жасоо боюнча консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүндө гана көрсөтүлөрүн эскертип кетебиз.

Консулдук бөлүм Москва шаарынын Большая Ордынка көчөсүнүн 62-үйүндө (2-курулуш) жайгашкан (Погорельский кыска көчөсү тарабынан кирет).

Документтердин бардыгы Элчиликтин консулдук кызматкерлери тарабынан атайын белгиленген айнекчеден гана кабыл алынат, даяр болгондо да ошол жерден эле берилет.

         Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги май майрамдар – Эмгек майрамы, КРнын Конституциясынын күнү жана Улуу Ата-Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш майрамдар менен куттуктайт.

Ар бир кыргызстандык жаранга бакыт-ырыскы, бакубаттуулук, ал эми Кыргызстаныбызга туруктуу, гүлдөп, өсүп-өнүгүүнү каалайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK