Өлкө туралуу маалымат
Расмий аталышы - Кувейт Мамлекети
Борбор калаасы: Эль-Кувейт шаары
Калкынын саны: 4 млн. 800 миң (2023-ж.). Алардын ичинен 2 млн жергиликтүү кувейттиктер жана ошондой эле 24% египеттик, сириялык, ливандык, палестиналык жана башка арабтар; калганы индиялыктар, пакистандыктар, бангладештиктер жана башка улуттар түзөт.
Аймагы: 17,8 миң чарчы км.
Расмий тили: араб тили; англис тили кеңири колдонулат.
Мамлекеттик дини: Ислам дини. Калкынын 70% сунниттер, 30% шииттер, ал эми ошондой эле чет элдик индуисттер, христиандар ж.б.
Администрациялык-аймактык бөлүнүш – 6 губернатор.
Валюта: Кувейт динары (260-290 сом), 1000 филсге барабар. Жүгүртүүдөгү банкноттор 1/4, 1/2, 1, 5, 10 жана 20 динар.
Монеталар – 5, 10, 20, 50 жана 100 филс.
Улуттук майрамдар:
Улуттук күнү – 25-февраль (1961-жыл),
Боштондук күнү – 26-февраль (1992-жыл),
Мусулман майрамдары:
Курман айт (Ид Аль-Адха),
Рамазан айынын аякташы (Ид Аль-Фитр),
Мухаммед Пайгамбардын туулган күнү,
Мухаммед Пайгамбардын асманга көтөрүлгөн күнү,
Мусулмандардын жаңы жылы ж.б.
Дем алыш күндөрү жума жана ишемби.
Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда түз аба каттамдары 2021-жылдын июнь айында ачылган. Манас жана Ош эл аралык аэропортторуна үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат.