КР Катар Мамлекетиндеги Элчиси Н.Ниязалиев генерал Саад бин Жассим Аль-Хулайфи менен жолукту

8681

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Ички иштер министринин орун басары, Коомдук коопсуздуктун башчысы генерал Саад бин Жассим Аль-Хулайфи менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнашты мындан ары илгерилетүү маселелери каралып, укук коргоо органдарынын кызматташуусун бекемдѳѳгѳ багытталган иш-аракеттерге ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулду. Элчи Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетине Кыргыз Республикасынын Ɵзгѳчѳ кырдаалдар министри К.Бороновдун 2018-жылдын март айында жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри К.Джунушалиевдин ү.ж. октябрь айында болгон расмий сапарлары тууралуу кабарлап, эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну сунуштады. Генерал Саад бин Жассим Аль-Хулайфи Катар Мамлекети Кыргыз Республикасынын күч органдары менен кызматташууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, биргелешкен инвестициялык, тажрыйба алмашуу жана техникалык долбоорлорун аткарууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK