Өлкө туралуу маалымат

Тарыхый маалымат. Катар тууралуу биринчи маалыматтар биздин заманга чейинки II кылымга таандык. VII кылымда жергиликтүү уруулар ислам динин кабыл алып, Араб халифатынын курамына кошулган. Катарлыктар ѳз учурунда португалиялыктардын, перстердин жана түрктѳрдүн бийлигинин астында болгон. 1756-жылы араб Халифаты тарабынан басып алынган, 1783-жылы Бахрейнге да баш ийип турган. Андан кийин, бийлик Аль-Тани уруусунан болгон шейх Мухаммаддын колуна өткөн – учурда Катар Мамлекетин башкарган династиянын негиздөөчүсү. 1871-1913-жылдары катарлыктар формалдуу түрдө Түрк бийлигинин астында турган, ал эми 1916-жылы Улуу Британиянын протектораты болгон. 1939-жылы нефтинин запасы табылган, аны өндүрүү жана экспорттоо 1949-жылы башталган. 1971-жылы 3-сентябрда Катар Мамлекети өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган.

Жалпы маалыматтар. Катар Мамлекети – араб ѳлкѳсү, Перс булуңунун жээгинде Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Кургактыкта Сауд Аравиясы менен чектешет. Жээгинин узундугу – 563 км., жер чек арасы – 60 км. суу чек арасы - 12 миля.

Аймагы, аралдарды кошкондо – 11.437 кв. км. Климаты кургак субтропиктик.

Борбору – Доха шаары, калктын 83% жашаган шаар.

Калкы – 2.637.302 млн. адам (2016-жыл ноябрь айы боюнча). Алардын 13-15% катарлыктар, калгандары – араб өлкөлөрүнөн, Индиядан, Непалдан, Филиппинден жана башка жерлерден келген мигранттар.

Расмий тили – араб тили, англис тили кеңири колдонулат.

Мамлекеттик дин – ислам суннит багыты. Калктын 70% мусулман.

Мамлекеттин улуттук күнү – 18-декабрь – 1878-жылы шейх Жассим бин Мухаммад Аль-Танинин бийлике келген күнү, азыркы Катар Мамлекетинин негиздөөчүсү.

Мамлекеттик түзүм. Катар Мамлекети – абсолюттук монархия. Өлкөдөгү бийлик Эмир шейх Тамим бин Хамад Аль-Таниге таандык (2013-ж. 25-июндан бери). Ошондой эле, Эмир башкы аскер колбашчысы болуп эсептелет. Өлкө башчысына мыйзам чыгаруу бийлиги жана аткаруу бийлиги да таандык.

Премьер-министр – Абдулла бин Насер Аль-Тани, Ички иштер министри кызматын да ээлейт. Учурдагы парламент структурасы – бир палаталуу Консультативдик кеңеш – Эмир тарабынан дайындалган 35 мүчөдѳн турат. Анын чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ.

Экономика. Катар Мамлекетинин экономикасынын негизи болуп мунайгаз тармагы эсептелет. Жаратылыш газы запасынын кѳлѳмү боюнча дүйнөдө Россия жана Ирандан кийинки орунду ээлейт. Газдын такталган запасы 24.5 трлн. куб. м. түзөт. Суйултулган газды өндүрүү боюнча жалпы кубаттуулугу жылына 70 млн. тонн болгон 13 техникалык линия иштейт. Географиялык абалынын негизинде Катар Мамлекети газдын үч ири аймактык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ: Европа, Түндүк Американын жана Азия. Ɵндүрүлгөн газдын 80% экспортко кетет.

Катар Мамлекетинин өнөр жайы өлкөнүн минералдык ресурстары менен байланышкан. Ушуга байланыштуу, негизги тармак катары табигый газ жана нефти өндүрүү, мунай тазалоо, ошондой эле жер семирткичтер жана мунай азыктарын өндүрүү болуп эсептелет. Ага кошумча курулуш бизнеси, курулуш материалы, күлбото (цемент) өндүрүү ийгиликтүү өнүгүп жатат.

Акча бирдиги – катарлык риал. 1 АКШ доллары 3,65 катарлык риалга тете.

Доха шаарында 107 дипломатиялык ѳкүлчүлүк жайгашкан. Ал эми чет ѳлкѳлѳрдѳ Катар Мамлекетинин 96 элчилиги менен консулдук мекемелери бар.

Расмий жумуш убактысы: министрликтер менен мамлекеттик мекемелер саат 07.00дон 14.00го чейин гана иштешет.