Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Доха шаарында 2022-жылдын 13-22-январында өткөн 31-чи Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты

3176

Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги Доха шаарында 2022-жылдын 13-22-январында өткөн 31-чи Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты.

Кыргызстандын павильонунда чет тилдерге которулган, анын ичинде араб тилине которулган улуу жазуучу Ч.Айтматовдун китептери көргөзүлдү. Кыргызстандын павильонун Катар Мамлекетинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, дипломаттар, студенттер ж.б. келип көрүп кетишти.

Доха эл аралык китеп көргөзмөсү Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин колдоосу менен жыл сайын уюштурулат жана бул көргөзмө региондогу эзелтен бери өткөрүлүп келген ири эл аралык көргөзмөлөрдүн катарына кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK