Соода-экономикалык кызматташтык

Соода-экономикалык кызматташтык Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы өз ара мамилелердин приоритеттүү тармактарынын бири болуп эсептелет. КРдин Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашуу акыркы жылдары төмөнкүлөрдү түзгөн: 2016-жылы - 659,7 млн. доллар, 2017-жылы - 507,5 млн. доллар, 2018-жылдын 9 айында - 13,1 млн. доллар. Кыргызстан көпчүлүк учурда Швейцарияга баалуу металлдарды экспорттойт, ал эми ал жерден дары-дармек продукциясын, жабдыктардын жана машиналардын айрым-бир түрлөрүн, сааттарды жана электрониканы импорттойт. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Швейцариядан Кыргызстанга тартылып келинген түздөн-түз инвестициялардын көлөмү төмөнкүлөрдү түзгөн: 2016-жылы - 3,6 млн. доллар, 2017-жылы - 5,5 млн. доллар, 2018-жылдын 9 айында - 17,1 млн. доллар.

Соода-экономикалык кызматташуу тууралуу 1997-жылдын 10-майындагы эки тараптуу макулдашууга ылайык Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөн. Комиссиянын биринчи отуруму 2001-жылдын 4-апрелинде Берн шаарында болуп өткөн. 2008-жылдын 29-майында Бишкекте Комиссиянын экинчи отуруму өткөн. Үчүнчү отурум 2012-жылдын 25-сентябрында Цюрих шаарында болгон. Төртүнчү отурум 2016-жылдын 3-июнунда Бишкекте өткөрүлгөн. Кийинки отурум Швейцариянын аймагында тараптар тарабынан макулдашылган мөөнөттөрдө жана шаарда өткөрүлөт.

Соода-экономикалык кызматташууну чыңдоо, эки өлкөнүн ортосундагы бизнес байланыштарды өркүндөтүү, соода алмашууну ар тарапташтыруу, экспортту жылдыруу жана Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу максатында акыркы жылдары эки мамлекеттин финансы-экономикалык маселелери үчүн жооп берген мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде төмөнкү иш-сапарлар болуп өттү: 2017-жылы - КРдин экономика министринин Швейцарияга жана Швейцариянын финансы министринин КРге иш-сапарлары, 2018-жылы - Швейцариянын экономика, билим берүү жана изилдөөлөр министринин жана Улуттук банкынын башчысынын Кыргызстанга иш-сапары. Мындан тышкары, КРдин Швейцариядагы Элчилиги 2017-2018-жылдары Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тааныштыруу максатында швейцариялык бизнесмендер тобунун эки маанилүү иш-сапарын уюштурду. Иш-сапарлардын жүрүшүндө КРдин мамлекеттик органдарында жолугушуулар, бизнес-коомчулуктун, ишкерлер ассоциацияларынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ар түркүн презентациялар жана тегерек стөлдөр болуп өттү. Алдыңкы швейцариялык компаниялардын өкүлдөрүнөн турган бизнесмендердин тобу Кыргызстанга 2018-жылы келген Швейцариянын экономика, билим берүү жана изилдөөлөр министри башында турган делегациянын курамында дагы болгон. Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун 2018-жылдын 2-майында Берн шаарында болуп өткөн кош тараптуу саясий консультацияларынын алкагында дагы таалкууланган.

Соода-экономикалык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматтары боюнча Кыргызстан менен Италиянын соода алмашуусунун жылдык көлөмү 30-33 млн. АКШ долларына барабар сумманы түзөт, анын 95% ашыгын импорт түзөт.

Тышкы соода ишмердүүлүгүнө катышуучуларга ыңгайлуу болуш үчүн «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандан/га/аркылуу экспорттоо/импорттоо/транзит жасоо процедураларынын порталын ишке киргизди: https://info.trade.kg/?l=ky. 

Италиядан болгон импорттун негизги статьялары: дары-дармек продукциясы, машиналар жана жабдуулар, ферменттелген тамеки, химиялык продуктылар, баалуу металлдардар жасалган буюмдар, эмеректер.

Кыргызстандан болгон экспорттун негизги статьялары: жүн жана жүндүн калдыктары, иштетилбеген терилер, центрифугалар.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын делегациясы 2015-жылдын 1-майынан 31-октябрына чейин Милан шаарында «Планета үчүн тамак. Өмүр үчүн энергия» девизи алдында болуп өткөн ЭКСПО-2015 дүйнөлүк көргөзмөсүндө катышкан. Кыргыз Республикасынын улуттук павильонунун 2015-жылдын 21-майында болуп өткөн ачылуусунда Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри В.Диль баштаган.