Женеванын жогорку музыкалык мектебинде Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин чыгармачылык жамаатынын концерти өттү

788

2022-жылдын 22-ноябрында Женеванын жогорку музыкалык мектеби жана Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчилиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин чыгармачылык жамаатынын – манасчы Самат Көчөрбаев, ырчы Эльзар Өскөнбаева, флейтачы Кутманаалы Султанбеков жана комузчу Бек Алагушов - концерти уюштурулду.

Жандуу музыкалык концерттин программасында “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү окуу, кыргыз музыкалык аспаптарда виртуоздук ойноо менен кыргыз улуттук чыгармаларын аткаруу камтылды. Кыргыз музыканттарынын бир жарым саатка созулган жаркын оюну көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок жана Кыргызстандын маданияты менен тааныштырды.

Концерттен кийин фуршет уюштурулуп, анда кыргыз тамактары тартууланды. Женевадагы кыргыз диаспорасынын жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусундагы фуршеттин жүрүшүндө өткөн концерт жана кыргыз музыканттары менен швейцариялык кесиптештеринин кызматташуусу тууралуу талкуулар болду.

Ошол эле күнү Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов Женева жогорку музыкалык мектебинин жетекчиси Беатрис Заводник менен жолугушту. Кыргызстан менен Швейцариянын эки музыкалык окуу жайынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулагандан кийин тараптар биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, студенттерди алмашуу, илимий изилдөө жана башка иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK