Жарандык маселелер



Корея Республикасынын аймагында жашаган, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну тариздөөнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу ниети жөнүндө арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнө жарандыктан чыгуу себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кайрылуусу. Жүктөө;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин атына Анкета-арыз (3 нускада) Жүктөө;
  3. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун түп нускасы + (3 нуска);
  4. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда кыргыз же орус тилине котормосу жана Апостиль менен Корея жарандыгын арыз ээсине берүү мүмкүндүгүн тастыктоо (түп нускасы жана 2 көчүрмөсү);
  5. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасы + (3 нуска);
  6. Никеге туруу жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөлөрү, никенин бузулушу, жубайынын каза болгон же дайынсыз жок болгондугу жөнүндө күбөлүк - тиешелүү учурларда, кыргыз же орус тилине котормосу жана Апостиль менен (түп нускасы жана 2 көчүрмөсү);
  7. Кыргыз Республикасынын салык органынын (Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы жашаган жери боюнча) салыктарды төлөө боюнча карызы жок экендиги жөнүндө документи (түп нускасы жана 2 көчүрмөсү);
  8. Ак фондо 4х6 см өлчөмүндөгү төрт түстүү сүрөт;
  9. Автобиография (эркин формада 3 нускада жазылат);
  10. Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын алдында аткарылбаган милдеттенмелердин (алименттик, мүлктүк жана башка) жоктугу жөнүндө жеке декларацияны (3 нускада) Жүктөө;
  11. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине консулдук жыйымдардын 510 АКШ доллары өлчөмүндө төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын түп нускасы. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө банкта (KEB Hana Bank) гана жүргүзүлүшү керек. Интернет-банкинг же банкоматтан которуу мүмкүн эмес.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

Эгерде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жаранынын жубайы, ошондой эле анын багуусундагы жана Кыргыз Республикасынын жарандары болгон адамдар болсо, ал арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусуна карата алардын мамилеси жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүгө тийиш.

Эгерде арыз ээси бир эле учурда өзүнүн жашы жете элек балдарын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, анда төмөнкү документтерди берүү зарыл:

  1. Туулгандыгы, камкордугун же көзөмөлчүлүгүн аныктагандыгы, ата-энелик укуктарынан ажыратылгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү (3 нускада);
  2. Эгерде ата-энесинин же камкорчуларынын бири Кыргыз Республикасынын жараны болуп калса, баланын жарандыгын токтотууга же сактап калууга тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн (3 нускада);
  3. Жарандыгын өзгөртүүгө 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын нотариалдык же консулдук мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу (3 нускада).
  4. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине консулдук жыйымдардын 510 АКШ доллары өлчөмүндө төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциянын түп нускасы. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө банкта (KEB Hana Bank) гана жүргүзүлүшү керек. Интернет-банкинг же банкоматтан которуу мүмкүн эмес.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

  • Жашы жеткен (18) адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну өз алдынча тариздешет.
  • Арызга түзүлгөн датасын көрсөтүү менен арыз ээси өзү кол коюшу керек.
  • Чет тилдеги документтер кыргыз же орус тилине которулуп, апостилдештирилиши/мыйзамдаштырылышы керек;
  • Өтүнүч жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтер болгондо гана кабыл алынат жана арыз ээси бардык зарыл документтерди берген күндөн тартып кароого кабыл алынды деп эсептелет. Арыз ээси тарабынан жасалма документтерди берүү же билип туруп жалган маалыматтарды билдирүү арызды кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
  • Өтүнүчтү кароо мөөнөтү 1 жылдан кем эмес.
  • Өтүнүч канааттандырылбаган учурда консулдук жыйым арыз ээсине кайтарылбайт. Арыз арыз ээсинин өзү тарабынан берилет.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.