Консулдук каттоо


Консулдук каттоо эки жол менен жүргүзүлөт:

  1. Онлайн режиминде -  Электрондук почтага (kyrgyzconsulkorea@mfa.gov.kg) бардык тиешелүү документтерди жөнөтүү менен.
  2. Түздөн-түз Элчиликке жазылуу аркылуу менен келүү.

Консулдук каттоодон өтүү чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жаранын тейлөө жана ага консулдук жардам көрсөтүү үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелинет. Консулдук тейлөөлөрдүн ичине КРнын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөдө коргоо, паспорт алмаштыруу, жарандыктан чыгаруу, документтердин мыйзамдаштыруу жана башка керектүү социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди даярдоо жана тапшыруу кирет.

Үч айдан узак мөөнөткө чет мамлекетке чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөнүн аймагына киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде же дипломатиялык өкүлчүлүгүндө катталышат (консулдук каттоодон өтүшөт).

Чет мамлекетке туруктуу жашагыны үчүн кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоодон чыгышы керек.

Консулдук мекеме өзүнүн консулдук аймагы боюнча Кыргыз Республасынын төмөнкү категориялардагы жарандарын консулдук каттоодон өткөрөт:

  • Кыргыз Республикасынын аймагынан чет мамлекетке туруктуу жашоо максаты менен чыккан жарандар;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан чет мамлекетке 3 айдан узак мөөнөткө окуу, жумуш жана башка максаттары менен чыккан жарандар;
  • чет өлкөлүк же жарандыгы жок жарандар тарабынан багылып алынган жашына жете элек өспүрүмдөр;
  • чет мамлекетте төрөлүп, аларга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүк даярдалып берилген, Кыргыз Республикасынын жашына жете элек жарандары;
  • чет мамлекетте жашаган жерин алмаштырган жарандар.

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткенине байланыштуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан каттоо эсебинен чыгарылса, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган деп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тиешелүү бөлүмү тарабынан таризделет.


Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуунун тартиби:

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине жеке кайрылганда төмөнкү документтерди беришет:

  1. консулдук каттоого коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо карточкасы: Жүктөө
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту;
  3. чыгуунун даректик баракчасы "каттоо эсебинен алынды" штампы менен.

Консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жеке келбей документтерди сканерленген түрдө (түстүү фотография электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине жөнөтүүгө укуктуу.

Консулдук каттоого коюудан баш тартуу үчүн негиз болуп документтин жоктугу же туура эмес толтурулушу эсептелет.


Туруктуу жашаган жери жок Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуунун тартиби:

Туруктуу жашоо максаты жок Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде консулдук эсепке алуу консул тарабынан жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгарбастан жүзөгө ашырылат.

Консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемесине жеке кайрылган учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү документтерди беришет:

  1. консулдук каттоого коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо карточкасы: Жүктөө
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту;
  3. эки түстүү сүрөт, ак фондо, көлөмү 3х4 см.

Консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары жеке келбей документтерди сканерленген түрдө (түстүү фотография электрондук түрдө берилет) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин расмий электрондук дарегине жөнөтүүгө укуктуу.


Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсептен чыгаруунун тартиби

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекетте консулдук каттоодон чыгаруу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

  • жарандын Кыргыз Республикасына кайтып келиши;
  • Кыргыз Республикасынын жараны башка чет мамлекетке жашоо үчүн чыгып кеткенде;
  • башка консулдук мекеменин консулдук округунун аймагына көчүп баруу менен Кыргыз Республикасынын жараны бир чет мамлекеттин чегинде жашаган жерин өзгөрткөндө;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу;
  • Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө арыз - Жүктөө

Консулдук эсептен чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасына шашылыш түрдө чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары өзгөчө учурларда (оору, кырсык, депортация, оор материалдык абал) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде каттоодон чыгарылбагандыгынын себептерин көрсөтүү менен арыз менен кайрылганда консулдук кызматтагы консулдук эсептен чыгарылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда чет мамлекетте консулдук эсептен чыгарылгандыгы жөнүндө маалымкат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын консулдук кызматына кайрылууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоодон чыгарылган учурда консул Кыргыз Республикасынын жаранынын каттоо карточкасына маалыматтарды киргизет жана аны консулдук эсепте турган адамдар жөнүндө маалыматтар базасынан алып салат.

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алуу үчүн консулдук жыйымдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык алынбайт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну тариздеген адамды консулдук каттоодон чыгарууда консул адамдан жарандык маселелерин кароо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун алат.

Алынган улуттук паспорт Консулдук кызматка андан ары жөнөтүү жана жок кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберилет.

Чет мамлекеттин аймагында жүргөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде биометрикалык каттоодон өткөн жана ушул Жободо белгиленген тартипте консулдук каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн шайлоо укуктарын ишке ашырышат.