Документерди таануу жана суратып алдыруу


Талап кылуу жөнүндө суроо-талапты тариздөө үчүн керектүү документтердин тизмеси:
  • Арыз (Элчиликте толтурулат);
  • Арыз ээсин тастыктаган документтер (Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту, чет мамлекеттин жаранынын же жарандыгы жок адамдын өздүгүн тастыктаган документ).
 
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөндөгү документтер берилет:
 
1) суралган документтин аныктыгы жөнүндө маалыматтарды талап кылууда:
  • аныктыгын тастыктоо керек болгон документтин көчүрмөсү;
2) өзүнө карата документтер суралган адамдын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда:
  • белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
3) өзүнө карата документтер суралган адамдын камкорчусу/көзөмөлчүсү кайрылганда:
  • адамды камкорчу/көзөмөлчү катары дайындоо жөнүндө соттун чечими, же чет мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген башка документ;
4) 18 жашка чыга элек жаранга карата документтер суралганда, анын мыйзамдуу өкүлү кайрылганда:
  • документи суралган 18 жашка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын талаптарына жараша документтерди талап кылуу үчүн негиз болуп саналган башка документтер.
 
Турган өлкөдө кылмыш өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан адамга карата документтерди талап кылуу турган өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органынын кайрылуусунун негизинде (арыз ээсинин кайрылуусуз) жүргүзүлөт.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙМАГЫНДА СОТТУУЛУГУ ЖОКТУГУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМКАТ

ЭСКЕРТҮҮ: Документтерди тапшыруу үчүн арыз ээсинин жеке катышуусу зарыл.

Керектүү документтердин тизмеси:

  1. Арыз (Элчиликте толтурулат);
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту же идентификациялык картасы + көчүрмөсү;

ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир учурларда, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

  • Соттуулугу тууралуу маалымкат берүү үчүн консулдук жыйым алынбайт.
  • Маалымкат кабыл алынган күнү дароо берилет.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу менен гана.
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө кабыл алууга электрондук каттоо системасы: https://kgembassykr.simplybook.asia/v2/.

НИКЕЛЕШҮҮСҮН КАТТОО ЖОКТУГУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМКАТ

Эскертүү: документтерди тапшыруу үчүн арыз ээсинин жеке катышуусу зарыл.

Керектүү документтердин тизмеси:

  1. Арыз (Элчиликте толтурулат);
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту же идентификациялык картасы + көчүрмөсү;
  3. Ажырашуу жөнүндө күбөлүк, эгерде нике мурда бузулган болсо + көчүрмөсү;
  4. Эгерде арыз берүүчү жесир болсо, жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк + көчүрмөсү;
  5. Бир A4 форматында Korea Post конверти 4000 вондук маркасы менен (талап кылынат). Алуучунун аты-жөнү (чет өлкөлүк паспорттогудай), телефон номери жана корей тилиндеги үй дареги көрсөтүлүшү керек.

ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир учурларда, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

  • Никенин катталбагандыгы жөнүндө маалымкат берүү үчүн консулдук жыйым алынбайт.
  • Кароо мөөнөтү - 14 жумушчу күн.
  • Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу менен гана.
  • Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнө кабыл алууга электрондук каттоо системасы: https://kgembassykr.simplybook.asia/v2/.