Дипмиссиянын Башчысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы
Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси
КУШЧУБЕКОВ ТАЛАНТБЕК ЧОЮБЕКОВИЧ
Туулган күнү жана жери:
11.02.1958ж. Кыргыз ССРинин Талас областына караштуу Ленинополь районунун Таш-Кудук айылында туулган.
Билими жогорку:
1975-1976 - жылдары Фрунзедеги политехникалык институттун студенти.
1976-1982-жылдары Ташкент мамлекеттик университетинин студенти. Адистиги - чыгыш таануучу-арабист.
Эмгек жолу:
1982-1991-жылдары - СССРдин Министрлер Кеңешинин алдынагы дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу улук инспектору Кыргыз ССР боюнча.
1991-1992-жылдары - жетектөөчү эксперт, адистештирилген ГКВЭС компаниясынын директору.
1992-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Жакын жана Орто Чыгыш, башкармалыктын башчысы.
1996-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиликтин кеңешчиси.
1997-1998-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары.
1998-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиликтин кеңешчиси.
2002-жылы - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар боюнча элчиси.
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары.
2003- 2005-жылдары- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 1-орун басары.
2005-жылдан бери - Тышкы саясат кеңешинин мүчөсү.
23.12.2021-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчичси .
Орус, англис, турк жана араб тилдеринде сүйлөйт.
Дипломатиялык рангы:
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангы бар.
Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.