Документерди таануу жана суратып алдыруу
Кыргыз Республикасынан талап кылынуучу зарыл болгон документтердин тизмеси.
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкаттар:
- документти талап кылуу үчүн анкета;
- жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), эгерде бар болсо;
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө күбөлүк;
- никени каттоо жөнүндө күбөлүк.
2. Никени каттоонун жоктугу жөнүндө күбөлүк
- документти талап кылуу үчүн анкета;
- жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), эгерде бар болсо;
- туулгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- эгерде нике мурда бузулса, ажырашуу жөнүндө күбөлүк.
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок экендиги жөнүндө күбөлүктөр:
Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
1) арыз ээсинин жарандыгын ырастоочу документтеринин түп нускасы жана көчүрмөсү (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
2) автобиография;
3) ак фондо 4×6 см өлчөмүндөгү эки фото сүрөт;
4) Бенилюкс өлкөлөрүндө же Франциянын аймагында туруктуу жашагандыгын тастыктаган документ;
5) үй-бүлөлүк мамилелердин бар экендигин ырастоочу документ (нике тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк).