Саясий кызматташтык

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы 10-майда түзүлгөн.

2021-жылдын 2-июлунда У. А. Тотуяев Кыргыз Республикасынын ПИРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери бийик жана жогорку даражада бир катар жолугушуулар уюштурулган.

Пакистанга:

  1. 1994- жана 2005-жылдары  Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий  иш сапары;
  2. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы А. Жумагуловдун иш сапары;
  3. 2004-жылы Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр Жыйынын төрагасы А. Бөрүбаевдин расмий иш сапары;
  4. 2015-жылы 26-февралда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э. Абдылдаевдин расмий иш сапары;
  5. 2017-жылы 1-мартта Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы С. Жээнбековдун ЭКУнун 13-саммитинин алкагындагы иш сапары;
  6. 2017-жылы 13-15-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч. Турсунбеков жетектеген парламенттик делегациянын расмий иш сапары.
  7. 2018-жылы 12-15-мартта КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабынын начальниги генерал-майор Р. Дүйшөнбиевдин расмий иш сапары.

Кыргызстанга:

  1. 1996-жылы ПИР Президенти Ф. Легаринин жана 2005-жылы ПИР Президенти П. Мушаррафтын  расмий иш  сапары;
  2.  1995-жылы ПИР премьер министри Б. Бхуттонун, 2011-жылы ПИР премьер-министри Ю.Гиланинин, 2015-жылы 21-майда ПИР премьер-министри Н. Шарифтин расмий иш сапары.
  3. 2019-жылы 22-майда ПИР Тышкы Иштер министри Ш.М. Курешинин  Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлер Кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасына  иш сапары;
  4. 2019-жылы 14-июнда ПИР премьер-министри И.Х андын Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өкмөт  Башчылары Кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасына иш сапары.

2018-жылы 23-24-январда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана кызматташтыктын перспективаларын талкуулоо максатында Бишкекте биринчи жолу тышкы иштер министрликтери арасында министрлердин орунбасарларынын саясий кеңештери уюштурулган. Жолугушуунун күн тартибине саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык жана  маданий-гуманитардык багыттагы, аймактык коопсуздук багытында кызматташтык, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтык, консулдук маселелер киргизилген.

2018-жылы 28-мартта Ташкент шаарында өткөн Афганстан боюнча “Тынчтык процесстери, коопсуздук жана аймактык карым-катыш” аттуу Эл Аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э. Абдылдаев  менен ПИР Тышкы иштер министри Х.Асифтин жолугушуусу болуп өткөн.  Алар жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү маселесин талкуулашкан жана актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алышкан.

2019-жылы 22-майда ПИР Тышкы иштер министри Ш.М. Куреши  ШКУнун Тышкы иштер министрлер Кеңешине катышууга келген жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууунун жүрүшүндө алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык, аймактык коопсуздук жана Афганстандын коопсуздугу тууралуу маселелерди талкуулашкан.

2019-жылы 13 - 14-июнда  ПИР Премьер-министри Имран Хан Бишкекте болуп өткөн ШКУнун Өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына алгачкы жолу катышкан жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков менен жолугушкан. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр арасындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашкан.

Парламенттер аралык кызматташтык тармагында 2019-жылы 13-февралда КР ЖК Төрагасы Д. Жумабеков менен ПИРдин Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Тирмизинин жолугушуусу, 2019-жылы 8-февралда Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Э. Бейшембиев менен  Пакистандын Сенат Председатели С. Санджранинин жолугушуусу, 6-ноябрда  Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Э. Бейшембиевдин Пакистан Улуттар Ассамблеясынын алдындагы Пакистан-Кыргызстан достугунун парламенттик тобунун координатору С.Бохари менен жолугушуусу жана  22-ноябрда  Пакистан Улуттар ассамблеясынын Спикери А. Кайсер  менен жолугушуусу болуп өткөн. 


2021-жылдын 19-апрелинде Элчиликте «Кыргыз Республикасынын учурдагы ички саясий абалы жана социалдык-экономикалык абалы» деген темада жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн брифинг уюштурулду.
2021-жылдын 9-августунда Элчи У.Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протокол башчысы А.Х.га Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. 
2021-жылдын 13-октябрында Элчи У.Тотуяев Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы А.Кайзер менен жолугушту.
2021-жылдын 21-22-октябрында Исламабад шаарында Элчи У.Тотуяев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.Масадыковдун Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси менен жолугушууларына катышты. Федералдык министр М. Юсуф жана МНР тышкы иштер министринин биринчи орун басары С.Махмуд менен жолугушту.
2021-жылдын 1-декабрында Элчи У.Тотуяев Пакистан Сенатынын Төрагасы С.Санжрани менен жолугушту.
2021-жылдын 18-19-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы Уюмга мүчө-өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз сессиясына катышты. Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Ислам Кызматташтыкынын жыйыны өттү.

Ушул жылдын 7-февралынан 11-февралына чейинки мезгилде. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачысы К.Айдаралиев Пакистан Ислам Республикасына байланыштарды түзүү жана аскердик-техникалык чөйрөдө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында иш сапары менен болду.

Ушул жылдын 22-23-мартында ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясы болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев катышты. Бул сапардын алкагында министр Р.Казакбаевдин ПИРнын Тышкы иштер министри Ш.Куреши, ПИРнын Сенатынын Төрагасы С.Санджрани жана Пакистан армиясынын башкы штабынын башчысы К. Бажва менен жолугушулар өткөрүлдү.

Ушул жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы М.Иманкулов видеоконференцбайланыш форматында өткөн “Исламабад коопсуздук диалогу” эл аралык конференциясына катышты.

Ушул жылдын 11-12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Т.Масадыков Пакистанга иш сапары менен барды, анын жүрүшүндө Пакистандын Ведомстволор аралык чалгын кызматынын анализи боюнча башкы директору генерал-майор Ш.Хаттак, Пакистандын Тышкы иштер министринин орун басары  М.А.А Куреши жана Пакистандын Сенатынын Төрагасынын орун басары М.М.Африди жолугушуулар өттү.

2022-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуусунун алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари менен жолугушту.

2022-жылдын 18-августунда Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басарынын Айбек Артыкбаев жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Аамир Афтаб Куреши деңгээлинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2-саясий консультациялар болуп өттү.

2022-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууcyнун алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту.

2023-жылдын 5-майында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында, КРнын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ПИРнын Тышкы иштер министри Билавал Бхутто Зардари менен жолугушту.

2023-жылдын 10-11-майында Исламабад шаарында өткөн “Исламабад коопсуздук диалогу” аттуу эл аралык конференциясынын алкагында КРнын Коопсуздук Кеңешинин Катчысы М.Иманкуловдун билдирүүсү тартууланды.