Саясий кызматташтык

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы 10-майда түзүлгөн.

2017-жылдын 20-январында Э. А. Бейшембиев Кыргыз Республикасынын ПИРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери бийик жана жогорку даражада бир катар жолугушуулар уюштурулган.

Пакистанга:

  1. 1994- жана 2005-жылдары  Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий  иш сапары;
  2. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы А. Жумагуловдун иш сапары;
  3. 2004-жылы Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр Жыйынын төрагасы А. Бөрүбаевдин расмий иш сапары;
  4. 2015-жылы 26-февралда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э. Абдылдаевдин расмий иш сапары;
  5. 2017-жылы 1-мартта Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы С. Жээнбековдун ЭКУнун 13-саммитинин алкагындагы иш сапары;
  6. 2017-жылы 13-15-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч. Турсунбеков жетектеген парламенттик делегациянын расмий иш сапары.
  7. 2018-жылы 12-15-мартта КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык Штабынын начальниги генерал-майор Р. Дүйшөнбиевдин расмий иш сапары.

Кыргызстанга:

  1. 1996-жылы ПИР Президенти Ф. Легаринин жана 2005-жылы ПИР Президенти П. Мушаррафтын  расмий иш  сапары;
  2.  1995-жылы ПИР премьер министри Б. Бхуттонун, 2011-жылы ПИР премьер-министри Ю.Гиланинин, 2015-жылы 21-майда ПИР премьер-министри Н. Шарифтин расмий иш сапары.
  3. 2019-жылы 22-майда ПИР Тышкы Иштер министри Ш.М. Курешинин  Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Тышкы иштер министрлер Кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасына  иш сапары;
  4. 2019-жылы 14-июнда ПИР премьер-министри И.Х андын Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өкмөт  Башчылары Кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасына иш сапары.

2018-жылы 23-24-январда эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана кызматташтыктын перспективаларын талкуулоо максатында Бишкекте биринчи жолу тышкы иштер министрликтери арасында министрлердин орунбасарларынын саясий кеңештери уюштурулган. Жолугушуунун күн тартибине саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык жана  маданий-гуманитардык багыттагы, аймактык коопсуздук багытында кызматташтык, аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтык, консулдук маселелер киргизилген.

2018-жылы 28-мартта Ташкент шаарында өткөн Афганстан боюнча “Тынчтык процесстери, коопсуздук жана аймактык карым-катыш” аттуу Эл Аралык конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э. Абдылдаев  менен ПИР Тышкы иштер министри Х.Асифтин жолугушуусу болуп өткөн.  Алар жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыкты андан ары өркүндөтүү маселесин талкуулашкан жана актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алышкан.

2019-жылы 22-майда ПИР Тышкы иштер министри Ш.М. Куреши  ШКУнун Тышкы иштер министрлер Кеңешине катышууга келген жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууунун жүрүшүндө алар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык, аймактык коопсуздук жана Афганстандын коопсуздугу тууралуу маселелерди талкуулашкан.

2019-жылы 13 - 14-июнда  ПИР Премьер-министри Имран Хан Бишкекте болуп өткөн ШКУнун Өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына алгачкы жолу катышкан жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков менен жолугушкан. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр арасындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашкан.

Парламенттер аралык кызматташтык тармагында 2019-жылы 13-февралда КР ЖК Төрагасы Д. Жумабеков менен ПИРдин Кыргызстандагы Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Тирмизинин жолугушуусу, 2019-жылы 8-февралда Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Э. Бейшембиев менен  Пакистандын Сенат Председатели С. Санджранинин жолугушуусу, 6-ноябрда  Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Э. Бейшембиевдин Пакистан Улуттар Ассамблеясынын алдындагы Пакистан-Кыргызстан достугунун парламенттик тобунун координатору С.Бохари менен жолугушуусу жана  22-ноябрда  Пакистан Улуттар ассамблеясынын Спикери А. Кайсер  менен жолугушуусу болуп өткөн. 

2019-жылы 18-декабрда Исламабад шаарында “Аймактык интеграцияны чыңдоодо парламенттерди ролу”  деген конференция болуп өткөн, конференция Кытай-Пакистан Экономикалык коридору аркылуу Пакистан менен аймактардын биргелешкен өркүндөп-өнүгүүсүн изилдөөгө арналган. Конференцияга Улуттук ассамблея Спикери А.Кайсер, парламенттин депутаттары, Пакистандын министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү, Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын элчилери,  эксперттер, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан.  Кыргызстандын  Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев интерактивдүү панелдик сессияга катышкан.

2020-жылы 23-июнда Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Элчиси Э.Бейшембиев менен ПИР Сенатынын председатели С. Мандвивалла менен жолугушуусу болуп өттү.