Соода-экономикалык кызматташтык

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы  деңгээли төмөн жана эки өлкөнүн потенциалына жооп бербейт деп мүнөздөлөт. Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргызстан менен  Пакистандын өкмөттөр аралык комиссиясы түзүлгөн. ӨАК (Өкмөттөр аралык комиссия) уюштуруу тууралуу Протоколго  1994-жылы  кол коюлган. Кыргызстан-Пакистандын өкмөттөр аралык комиссиясынын  бардыгы болуп 3 жыйналышы өттү (2003, 2007 жана 2017-жж.).

2017-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ӨАКтын Кыргызстан тараптан сопредседатели А. Кожошев менен Пакистандын Суу жана энергетика федералдуу министри, ӨАКтын Пакистан тараптан сопредседатели М. Асифтин төрагалыгы алдында Кыргыз-Пакистандын өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйналышы өттү жана натыйжада ӨАКтын 3-жыйналышынын Корутунду протоколуна кол коюлду.

2019-жылы 4 – 8-октябрында Кыргызстандын Элчилиги пакистандык  «Gourmet Foods» компаниясынын 7 өкүлүнөн турган бизнес делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурган, сапардын максаты Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу болгон. Бул сапардын алкагында бизнес-делегация  Кыргызстандын кичи жана орто бизнестердин өкүлдөрү, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилиги, Маданият, информация жана туризм министрлигинин туризм департаментинин жетекчилиги, КРдин инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин жетекчилиги, “Кыргыз туризм” мамлекеттик мекемесинин, “Бишкек” ЭЭЗдин жетекчилиги   менен   жолугушууларды өткөрүп, андан аркы эки тараптуу макулдашууларды жүргүзүү максатында КРдин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Пакистандын Европалык Союздун жалпыбирдиктүү преференциялар системасынын алкагында Европа Союзуна продукцияларды экспорттоо боюнча тажрыйбасын үйрөнүү максатында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилиги менен КР Экономика министрлиги биргелешип КРдин адистери үчүн REX (The Registered Exporter system) системасына өтүү маселеси боюнча  атайы семинар уюштурду. ПИРдин эксперти К.Шахрияр Кыргызстанга 2019-жылы июлда жана сентябрда барып келди.

2019-жылы 7-10-декабрда  КРдин ПИРдеги Элчиси Э.Бейшембиев Пенджаб провинциясындагы Гуджранвала жана Лахор шаарларына иш сапары менен барып, Лахор шаарынын мэри М.А.Б.Лодхи менен жана соода-ѳнѳр жай палатасынын жергиликтүү ишкерлери менен жолугушуп кайтты.

2020-жылы 30-майда Лахор шаарындагы иш сапардын алкагында Элчи Э.Бейшембиев Лахор шаарынын Соода-ѳнѳр жай палатасынын президенти Ирфан Икбал Шейх мырза  менен жана палатанын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.

КРдин Экономика министрлигинин маалыматтары боюнча 2019-жылдын январь-сентябрь айларында КР менен ПИРдин товар жүгүртүүсү 4,7 млн.долл.(АКШ) болгон, экспорт - 0,6 млн.долл.(АКШ), импорт – 4,1 млн.долл.(АКШ) болгон. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда товар жүгүртүү 14,9 пайызга өскөндүгүн, импорт 3,6% га, экспорт 4,2 эсе  өскөндүгүн көрсөтөт.

Атап айтканда, Пакистандан Кыргызстанга фармацевтикалык продукция, токулган жана тор кездемелерден тигилген кийимдер, азык-түлүк товарлары жана айыл чарба продукциялары (күрүч, чай, цитрус осүмдүктөрү, осүмдүк майлары ж.б.) импорттолгон.

Кыргызстандан Пакистанга буурчак, тирүү жаныбарлар, ийленген тери экспорттолгон.