Жарандык маселелер

2007-жылдын 21 майынан №70 “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамынын 6-беренисинин экинчи бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын башка жарандыкты алуусу Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушуна алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жазуу түрүндөгү арыздын негизинде токтотууга жол берет. Арызды жашы 18ге жеткен Кыргыз Республикасынын жарандары жаза алышат.

Пакистан Ислам Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууну кааласа, алардан төмөнкү документтер талап кылынат:

  1. Элчиликтин атына жазылган Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу ниетин, себептерин көргөзгөн жазуу түрүндөгү арыз. Арызда кайрылуучунун паспорттук маалыматтары, Пакистанда жашаган дареги, телефону, электрондук дареги, Кыргыз Республикасындагы мурдагы жашаган жеринин дареги толук так көрсөтүлүүшү керек.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин атына атайын анкета-арызы.
  3. Консулдук каттоодо турган белгиси менен Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
  4. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
  5. Никеге туруу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, никени бузуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, тийиштүү учурларда күйөөсү (аялы) өлгөнү жөнүндөгү күбөлүгү, же болбосо соттун күйөөсү (аялы) өлгөндүгүн же дайынсыз жоголгонун ырастаган чечими.
  6. Кыргыз Республикасынын салык органынан (Кыргызстанда акыркы жашаган жери боюнча) салык төлөмдөрүнөн карызы жоктугуу жөнүндөгү документ.
  7. Кайрылуучунун автобиографиясы. Автобиографияда Пакистан аймагына келген күнү, азыркы мезгилде жашаган жеринин дареги, үй-телефонунун номери жана күйөөсүнүн (аялынын) жарандыгы көрсөтүлүшү зарыл.
  8. Кыргыз Республикасынын юридикалык уюмдарынын жана башка жарандардын алдында карыз же аткарылбаган милдеттенмелер жок деген өздүк декларация (алимент, мүлктүк ж.б.у.с милдеттенмелер).
  9. Ак түстүн алдында баш кийимсиз 4х6 см өлчөмдөгү беш даана түстүү сүрөт.
  10. Консулдук акы 350 АКШ долларын түзөт.
    * Эгер арыздануучунун күйөөсү (аялы) Кыргыз Республикасынын жараны болсо, ошондой эле, анын багып кароосуна муктаж болгондор Кыргыз Республикасынын жарандары болсо, алардан кат түрүндө арыздануучунун Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга болгон көз караш мамилесин билдирген арызын тапшыруу зарыл.
  11. Эгер арыздануучу бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгууга жашы жетелек балдарын да кошо көргөзүп кепилдик өтсө, шартка жараша Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык төмөнкү документтер талап кылынат:
    – Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү/ камкордук (опекунство) кылууну далилдеген же ата-энелик укуктан ажыраткан документтин көчүрмөсү.
    – Эгер ата-эненин бири Кыргыз Республикасынын жарандыгында кала турган   болсо, анда тараптардын ортодогу баланын жарандыгын сактоо же токтотуу боюнча нотариалдык тастыкталган макулдугу (бул макулдукту элчиликте документтештирсе болот).
    – Жашы 14төн 18ке чейин болгон балдардын жарандыкты алмаштырууга нотариалдык тастыкталган макулдугу (бул макулдукту элчиликте документтештирсе болот).

    *** Жогоруда көрсөтүлгөн бардык документтердин үч (3) даанасы (1 түп нуска жана 2 көчүрмөсү) талап кылынат. 

Маанилүү маалымат:

  • Англис тилиндеги документтер орус тилине тастыкталган котормосу менен гана кабыл алынат.
  • Кепилдик каттар жогоруда көрсөтүлгөн документтердин баардыгын тапшырган учурда гана карала баштайт.
  • Арыздануучунун жалган документтерди көрсөтүшү жана жалган маалыматтарды берүүсү арызды кабыл алуудан баш тартууга негиз болот.
  • Арызды кароо мөөнөтү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын чыгуусун күтүү бир жылдык мөөнөткө чейин созулат.
  • Арыздануучунун өтүнүчү канаттандырылбаса консулдук төлөм арыздануучуга  кайтарылып берилбейт.