Кыргызстан жөнүндө
Мамлекет Борбордук Азиянын түндүк-чыгышында. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань жагында. Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет.
Эгемендүүлүктүн датасы 1991-жылдын 31-августунда (СССРден)
Тилдери — кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий.
Кыргыз Республикасынын Президенти — ЖАПАРОВ Садыр Нургожоевич
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы — ШАКИЕВ Нурланбек Тургунбекович
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси — ЖАПАРОВ Акылбек Усенбекович
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы — БАЗАРБЕКОВ Замирбек Курамаевич
Валютасы— кыргыз сому (KGS, код 417)
Интернет-домени -.kg
Телефондук коду — +996
Саат поясы — UTC +6
Аянты 199,9 миң. км2 (5,8% — токойлор, 4,4% — суулар, 53,3% — айыл чарба жерлери, 36,5% — башка жерлер). 90% жакын аянты деңиздин деңгээлинен 1500 м өйдө жайгашкан.
Борбору — Бишкек (860,7 миң адам).
Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).
Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Чүй облусу, Талас облусу, Ысык-Көл облусу, Нарын облусу, Жалал-Абад облусу, Ош облусу, Баткен облусу, Ош шаары жана Бишкек шаары. Облустук борборлор — Талас, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Баткен.
Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.
Кыргыз Республикасынын туристтик жайлары боюнча 3D панорамалык карта жана туристтик потенциалы боюнча видеороликтер менен таанышууну сунуштайбыз:
1) 3D панорамалык карта - http://map.tourism.gov.kg/
2) Кыргызстандын туристтик потенциалы боюнча сүрөт жана видео материалдар - https://cloud.mail.ru/public/K1LD/obPKzw3DJ