Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчиси Э.Бейшембиев Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасы өкүлдөрү менен жолугушуунун жөнүндө (8-май, 2018-ж., Исламабад ш.)

15714

8-май, 2018-ж. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Мамлекетиндеги Элчиси Э.Бейшембиев Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык мамилелерди күчөтүү жолдорун жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түздөн-түз бизнес байланыштарды түзүүнү  жана Бишкек-Исламабад-Бишкек түз каттамдарын ачуу маселелерин  талкуулашты.

Дипломатиялык миссиясынын башчысы Э.Бейшембиев Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, "Кыргыз Республикасынын электрондук виза" системанын иштеши жөнүндө эскертти. Электрондук виза Интернет аркылуу Кыргыз Республикасынын кируучу жана чыгуучу туристтик же ишкердик виза алууга мүмкүндүк берип, Пакистандан Кыргызстанга келген турист санынын өсүшүнө көмөк көрсөтүсүн билдирди.

Өз кезегинде, Пакистан тарабы, мындан ары да соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана туризм тармактарында кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө  даяр экендигин тастыкташты.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK