Кыргыз Республикасынын ПИРдагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына арналган мааракелик салтанаттуу иш-чара болуп өткөнү тууралуу

897

2024-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Исламабад шаарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына арналган мааракелик салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага пакистан тарабынан илимий жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, Тынчтык жана дипломатиялык изилдөөлөр институтунун жетекчилиги, Эл аралык жаш дипломаттар мектебинин окуучулары катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тарыхы жана Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орношу жөнүндө фото көргөзмөсү уюштурулду. Катышуучулар үчүн Кыргызстандын кооз аймактары жана маданиятынын элементтерин көрсөткөн туристтик жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео көргөзмө материалдар тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев өз сөзүндө Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлүшү жана эки тараптуу мамилелер тууралуу кеңири маалымат берди.

Элчи бүгүнкү күндө Кыргызстан региондогу өлкөлөр менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталганын билдирди. Пакистан менен кызматташууну илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы эң келечектүү байланыштыруучу элемент катары маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоону белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK