Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.А.Тотуяевдин “Kasib Associates” компаниясынын Төрагасы Васим Асгар Мухаммад, “Zeeruk Global” компаниясынын Башкы директору Инам Минхас, "Mir Associates Private Limited" компаниясынын Башкы директору Мир Атик Ур Рехман жана алардын ардактуу өнөктөштөрү менен жолугушуусу тууралуу

701

Ушул жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Асанкулович Тотуяевдин “Kasib Associates” компаниясынын Төрагасы Васим Асгар Мухаммад, “Zeeruk Global” компаниясынын Башкы директору Инам Минхас, "Mir Associates Private Limited" компаниясынын Башкы директору Мир Атик Ур Рехман жана алардын ардактуу өнөктөштөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-пакистан кызматташтыгынын кеңири спектри боюнча пикир алмашышты, анын ичинде инвестиция, логистика, банк иши жана региондук экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана келечектүү көп тараптуу долбоорлорду баштоо зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурууну белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Синд провинциясында жайгашкан “Дабежи” Атайын экономикалык аймагынын долбоорунун презентациясы болуп өттү.

Элчи У.А.Тотуяев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди. Ал темир жол, автомобиль жолдору, гидроэнергетика жана курулуш тармактарындагы өз ара аракеттенүүнүн бар потенциалына токтолду.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттары боюнча пикир алмашышты.

Жыйындын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын ар түрдүү тармактардагы 49 инвестициялык долбоору тууралуу материалдар көрсөтүлдү жана таркатылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK