Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.А.Тотуяевдин Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти К.Анвар менен жолугушуусу тууралуу

706

2024-жылдын 10-мартында Элчи Уланбек Тотуяев Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Президенти Кашиф Анвар жана анын мүчөлөрү менен жолугушту.

Аталган жолугушуунун жүрүшүндө тараптар актуалдуу маселелерди жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда түз ишкер байланыштарды түзүү максатында бизнес-делегацияларынын өз ара визиттерин уюштурууну, КРнын жана ПИРнын аймагында текстиль жана тамак-аш өнөр жайынын ар кандай түрлөрүнүн биргелешкен көргөзмө-жарманкелерин өткөрүүну макулдашышты.

Элчи У.А.Тотуяев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берди. Ар түрдүү тармактарда, тактап айтканда айыл чарба, текстиль жана фармацевтика багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн чоң потенциалына көңүл бурду. Эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүдө орун алган позитивдүү тенденциясын белгилеп, пакистандык ишкерлерди Кыргызстан менен активдүү соода жүргүзүүгө чакырды.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK