Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин колдоосунун астында Мас-рестлинг боюнча Пакистандын 7-Улуттук чемпионаты тууралуу

778

2024-жылдын 9-10-мартында Лахор шаарында Кыргызстандын Пакистандагы Элчилигинин колдоосунун астында, Пакистандын Мас-рестлинг федерациясы тарабынан уюштурулган, ПИРнын бардык аймактарынан келген 700 жакын спортчулардын катышуусунда Мас-рестлинг боюнча 7-Улуттук чемпионаты болуп өттү.

Иш-чаранын ардактуу конокторунун арасында, Пенджаб провинциясынын спорт министри Фейсал Айюб Кокхар, Лахор комиссарынын орун басары Рафия Хайдер, мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ишкер чөйрөлөрү, массалык маалымат каражаттары жана спортчулар болушту.

КРнын ПИРдагы Элчиси  У.А.Тотуяев өз сөзүндө “Манас” эпосунда спорттун бул түрү – таяк-тартыш баатырлар мелдеши катары сүрөттөлгөндүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу, бул чемпионатты маданият, достук жана спорт фестивалы катары өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана баалуу приздер тапшырылды. Жыл сайын өтүүчү Улуттук чемпионат Пакистандын коомчулугунан жана маалымат каражаттарынан оң баа алды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK