Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышы

763

2024-жылдын 10-мартында Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу салтанаттуу аземи болуп өттү.  

Салтанаттуу аземинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ПИРдагы Элчиси У.А.Тотуяев К.Ю.Мехерди Лахор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу кызматына расмий дайындалышы жана кеңсенин ачылышы менен куттуктады. Ал К.Ю.Мехерге ардактуу консул катары тиешелүү функцияларды аткарууга ыйгарым укук берген ПИРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген экзекватураны салтанаттуу түрдө тапшырды.

Элчи У.А.Тотуяев өз сөзүндө Ардактуу консулдуктун ачылышы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү иш-чара экенин, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштардын деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого чоң салым кошоорун белгиледи.

Өз кезегинде Ардактуу консул К.Ю.Мехер көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана экономикалык кызматташтыкты, инвестицияны кеңейтүү, туризмди жана маданий алмашууну өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK