2024-жылдын 21-марттан 24-мартка чейин дем алыш күндөрү деп жарыялангандыгы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрында "2024-жылы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө" токтомуна ылайык, 2024-жылдын 21-марттан 24-мартка чейин дем алыш күндөрү деп жарыялангандыгын билдирет.
2024-жылдын 21-марттан 24-мартка чейин жарандарды консулдук кабыл алуу жүргүзүлбөй турганын маалымдайбыз.
Ошол эле учурда, мекендештердин кайрылууларына тез арада консулдук жардам алууну талап кылган оор абалга туш болгон учурда, Элчилик Консулдук бөлүмдүн: +92 330 3717771 ишеним телефону иштеп жатканын эскертет