Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.A.Тотуяевдин Пакистандын Интеллектуалдык менчик уюмунун Төрагасы Ф.Амил менен жолугушуусу тууралуу

680

2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Интеллектуалдык менчик уюмунун Төрагасы Фарух Амил менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы интеллектуалдык менчик жана инновация багыттары боюнча кызматташуу боюнча пикир алмашышты.

Элчи У.Тотуяев инттеллектуалдык менчик коргоо жана экспертизалоо багытында ведомстволор арасында тажрыйба алмашуу жана кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Жолугушуунун аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Пакистандын Интеллектуалдык менчик уюмунун ортосундагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Меморандумдун долбоорун иштеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK